КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТОКТОМУ 2005-жылдын 30-декабры № 637/7/7 Кыргыз Республикасында 2006-2010-жылдарга микрокаржылоону өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясын бекитүү жөнүндө Алыскы айыл региондорунда финансылык кызмат көрсөтүүгө калктынжеткиликтүүлүгүн кењейтүү жана кошумча жумуш орундарын түзүү максатындаКыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкытоктом кылышат: 1. Кыргыз Республикасында 2006-2010-жылдарга микрокаржылоонуөнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү тиркелген стратегиясы бекитилсин. 2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, финансы-кредиттик мекемелер жана алардын ассоциациялары (макул-дашуу боюнча): - Кыргыз Республикасында 2006-2010-жылдарга микрокаржылоонуөнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясында каралган иш-чараларды ишкеашыруу боюнча чараларды көрүшсүн; - отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 10унан кечиктирбестенКыргыз Республикасында 2006-2010-жылдарга микрокаржылоону өнүктүрүүнүнорто мөөнөттүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын аткарылы-шынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына отчет бериптурушсун. 3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы отчеттук жарым жылдыктанкийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасында2006-2010-жылдарга микрокаржылоону өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү страте-гиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндөКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берип турсун. 4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улуттук банкынын төрагасы Ф.Кулов У.Сарбанов