Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кара-Жыгач кеңешинин Х чакырылышынын кезектеги XXХIII сессиясы
2022-жылдын 1-февралы № 32/3
Кара-Жыгач айыл өкмөтүндөгү там арка участок жерлеринин, үлүш жерлеринин, кайра бөлүштүрүү аренда жерлеринин салыктык базасын текшерүү максатында комиссия түзүү жөнүндө
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызакановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин 32-сессиясы
токтом кылат:
1. Кара-Жыгач айыл өкмөтүндөгү там арка участок жерлеринин, үлүш жерлеринин жана кайра бөлүштүрүү аренда жерлеринин салыктык базасын текшерүү максатында комиссия түзүлсүн.
2. Комиссия түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызакановго милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтомду расмий сайтка жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы М.Атакуловага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |