Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кара-Жыгач кеңешинин Х чакырылышынын кезектеги XXХIII сессиясы
2022-жылдын 1-февралы № 32/4
Кара-Жыгач айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын коэффициентин көтөрүү жөнүндө
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызакановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын, жер, курулуш, архитектура, айыл чарба, экология, транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундуларын эске алып, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин 32-сессиясы
токтом кылат:
1. Кара-Жыгач айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын 0.4 коэффициенти 1 коэффициент болуп белгиленсин.
2. Токтомду көзөмөлдөө бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызакановго милдеттендирилсин.
4. Токтомду расмий сайтка жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы М.Атакуловага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |