Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кара-Жыгач кеңешинин Х чакырылышынын кезектеги XXХIII сессиясы
2022-жылдын 1-февралы № 32/7
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кара-Жыгач айылдык кеңшинин депутаттары тарабынан сунушталган туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарын угуп жана талкуулап , Кара-Жыгач айылдык кеңешинин 32-сессиясы
токтом кылат:
Кара-Жыгач айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1.Бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын курамы
Төлөгөнов Эрмек – төрага
Балтабаев Бахтияр – мүчө
Бузурманов Кенжебек – мүчө
Маматкеримов Алманбет – мүчө
Назарбеков Анаралы – мүчө
2.Билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо боюнча туруктуу комиссиясынын курамы
Шакиев Сталбек – төрага
Мырзагулов Эрланбек – мүчө
Калыбекова Каныкей – мүчө
3.Жер, курулуш, архитектура, айыл чарба, экология, транспорт жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын курамы
Назарбеков Анаралы – төрага
Шакиев Сталбек – мүчө
Калчабеков Алмазбек – мүчө
Сманов Максатбек – мүчө
Жаналиев Канатбек – мүчө
4.Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын курамы
Сөкөев Ильичбек – төрага
Назарбеков Назар – мүчө
Шерипбаева Дилбаркан – мүчө
Дооран уулу Турдакун – мүчө
Байызов Мундузбек – мүчө
5.Маданият, спорт жана жаштар боюнча туруктуу комиссиясынын курамы
Абдрахман уулу Бакытбек – төрага
Рыскулов Ринат – мүчө
Станбеков Данияр - мүчө
Түзүлгөн комиссиянын курамына бир жылдык иш планын түзүү жана туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктарын аткаруу милдеттендирилсин.
Жергиликтүү кеңештин компетенциясына кирген маселелердин баарын алгач туруктуу комиссияларда талкуулап, андан кийин сессияга алып чыгуу жагы ар бир туруктуу комиссиянын төрагаларына милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Токтомду расмий сайтка жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы М.Атакуловага жүктөлсүн.
Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |