Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин Х чакырылышынын кезектеги XXХIII сессиясы
2022-жылдын 2-марты № 33/3
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн штат бирдиктери жөнүндө
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ш.Кайыповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин Х чакырылышынын 33-сессиясы
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2013-жыл 8-июль №403 токтомуна негиз, айыл өкмөтүнө статус алган айылдарга 5(беш) айыл башчыга жана 2(эки) аскер кызматкери жетектөөчү адистин деңгээлинде калган штат бирдиктер менен жалпысы 21 штат бирдиги бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2020-жыл 5-февраль №64 токтомуна негиз айылдык кеңештин жооптуу катчысына 1 (бир) штат бирдиги бекитилсин.
3. Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |