Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин Х чакырылышынын кезектеги XXХIV сессиясы
2022-жылдын 11-марты № 34/1
Кара-Жыгач–Сары-Челек автоунаа жолунун жээгине темир тосмо жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар куруу” долбоорунда көрсөтүлгөн 250 метр жолду айыл өкмөтүнүн балансына убактылуу өткөрүү боюнча №12 жолду тейлөө мекемеси менен Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн 03.03.2022-жылдагы актысын бекитип берүү жөнүндө
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызакановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, “Жер, курулуш, архитектура, айыл чарба,экология, транспорт жана жайыт” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып Кара-Жыгач айылдык кеңешинин 34-сессиясы токтом кылат:
1. №12 жолду тейлөө мекемесинин балансында турган “Кара-Жыгач - Сары-Челек автожолунун ПК 00-250 метр аралыгына Кара-Жыгач айыл өкмөтү тарабынан жол жээгине темир тосмо жана жөө жүргүнчүлөр өтүү үчүн тротуар курууга, №12 жолду тейлөө мекемесинин Кара-Жыгач – Сары-Челек автожолунун балансындагы баасы 226907 (эки жүз жыйырма алты миң тогуз жүз жети) сомдук 00-250 метр аралыгын Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө убактылуу өткөрүп берүү боюнча 03.03.2022-жылдагы актысы бекитилсин.
2. Токтомду көзөмөлдөө бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомду расмий сайтка жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы М.Атакуловага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин
Төрага | Ш.Мазакеев |