Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сумсар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2022-жылдын 14-марты № 8-1
Сумсар орто мектебинин долбоору жөнүндө
Сумсар айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы Сумсар айыл Өкмөтүнүнкызматкери А.Рысбековдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сумсар орто мектебинин “Сумсар орто мектебинин имаратынын капиталдык ремонту” долбоору жалпы суммасы 14668,551 (Он төрт миллион алты жуз алтымыш сегиз мин беш жуз элүү бир) сом жактырылсын.
2. Сумсар орто мектебинин долбоорун финансылоо жагы Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сумсар айылдык Кенешинин Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана муниципалдык мүлкиштери боюнча туруктуу комиссияга жана Сумсар айыл Өкмөтүнүнбашчысына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөнбаштап мыйзамдуу күчүнө кирет
Сумсар айылдык Кенешинин төрагасы: | К.М.Эргешов |