Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сумсар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2022-жылдын 14-марты № 8-2
Ю.А. Гагарин атындагы орто мектебинин долбоору жөнүндө
Сумсар айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы Сумсар айыл Окмотунун кызматкери А.Рысбековдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ю.А. Гагарин атындагы орто мектебинин “Ю.А. Гагарин атындагы орто мектебинин имаратынын капиталдык ремонту” долбоору жалпы суммасы 3356878 ( үч миллион үч жүз элүү алты мин сегиз жүз жетимиш сегиз) сом жактырылсын.
2. Ю.А. Гагарин атындагы орто мектебинин долбоорун финансылоо жагы Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сумсар айылдык Кенешинин Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана муниципалдык мүлкиштери боюнча туруктуу комиссияга жана Сумсар айыл Өкмөтүнүнбашчысына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөнбаштап мыйзамдуу күчүнөкирет
Сумсар айылдык Кенешинин төрагасы: | К.М.Эргешов |