Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2022-жылдын 21-апрели № 10-4
Айыл өкмөтүнүн жарандарга материалдык колдоо боюнча ЖОБОсу жөнүндө
Т.Балтагулов айыл Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын, төртүнчү маселелеси боюнча социалдык маселер боюнча адиси Г.Иманбекованын билдируусу менен айыл кенешинин депутаттарына тааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн жарандарга материалдык жардам берүү боюнча түзүлгөн Жобосу бекитилсин.
2.Жобосунун негизинде иш аткаруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн
4.Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңешинин төрагасы | Э.Исманов |