Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2022-жылдын 28-марты № 7-5
Кетмен-Дөбө айыл аймагынын кызматтарды өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу аракеттердин биргелешкен мониторинг жана баалоонун 2022-жылы үчүн түзүлгөн иш планы (бюджет комитети) жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, жергиликтүү жамааттын Уставына жана муниципалитеттер тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарын баалоо жол-жоболордун аткарылышын, ошондой эле жергиликтүү бюджет, жергиликтүү коомчулук салымы жана донордук уюмдардын эсебинен жергиликтүү демилгелердин /долбоорлордун/ программалардын ишке ашыруусун жөнгө салуучу жергиликтүү ченемдик укуктук актыларына ылайык биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (БМжБТ) иш планы жөнүндө БМжБ тобунун төрайымы Сүйүнтбек кызы Бактыгүлдүн маалыматын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезекcиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн элдик жыйындарынын 18.03.2022-ж. №3,№4 протоколдору бекитилсин.
2.Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Алишеров Айдарбек Сыдыковичке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тапшырылсын.
4. Бул токтом ketmen-dobo.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Чороев Б. |