Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2022-жылдын 28-марты № 7-6
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылынын тургуну Кожокеева Дилдекан Акимжановнанын жеке менчигиндеги 3070410010943 ЕНИ коду менен берилген жер участогунун профилин өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызын кароо
Терек-Суу айылынын тургуну Кожокеева Дилдекан Акимжановнага “2022_-жылдын “28” март Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин №7-6-токтомунун негизинде жеке менчикке орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча берилген 0,15 га жеринин 800 сотых жерин жеке менчик турак жайга калган 700 сотых жерин соода сатыкка 0,08 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин негизинде профилин өзгөртүп жеке менчик турак жай участкасына айландырып берүү боюнча арызын карап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кожокеева Дилдекан Акимжановнанын арызы боюнча мурда пайдаланып жүргөн жалпы аянты 0,15 га жеринин 0,08 га жер аянтын .турак жай участкасына ,0,07 га жерин соода сатыкка профилин өзгөртүп айландыруу боюнча тиешелүү иш кагаздарын топтоп айыл өкмөтүнүн алдындагы жер маселелери боюнча комиссиянын курамына тапшыруу жер адис Токтоболот уулу Медетканга милдеттендирилсин.
2.Бул маселени чечүү боюнча айыл өкмөтүнүн алдындагы жер маселелери боюнча комиссиясынын курамы мыйзамдуу түрдө карап чыгып агрардык туруктуу комиссиясынын отурумуна сунушталсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу агрардык маселери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Коксариевге тапшырылсын
4.Бул токтом ketmen-dobo.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Чороев Б. |