Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2022-жылдын 28-марты № 7-7
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын “Жалалабатэлектро”ААК Токтогул РЭТинин жетекчиси У.Шыгаевдин арызын кароо жөнүндө
Элге жакындан кызмат кылуу максатында төлөмдөрдү кабыл алуу кассасын ачууга Токтогул-Кара-Күңгөй жолундагы Терек-Суу айылынын маданият үйүнүн жанынан бир сотых жер бөлүп берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын “Жалалабатэлектро” ААК Токтогул РЭТинин жетекчиси У.Шыгаевдин арызын карап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элге жакындан кызмат кылуу максатында төлөмдөрдү кабыл алуу кассасын ачууга Токтогул-Кара-Күңгөй жолундагы Терек-Суу айылынын маданият үйүнүн жанынан бир сотых жер бөлүп берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын “Жалалабатэлектро” ААК Токтогул РЭТинин жетекчиси У.Шыгаевдин арызын канааттандырып тиешелүү иш кагаздарын топтоп айыл өкмөтүнүн алдындагы жер маселелери боюнча комиссиянын курамына тапшыруу жер адис Токтоболот уулу Медетканга милдеттендирилсин.
2. Бул маселени чечүү боюнча айыл өкмөтүнүн алдындагы жер маселелери боюнча комиссиясынын курамы мыйзамдуу түрдө карап чыгып агрардык туруктуу комиссиясынын отурумуна сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу агрардык маселери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Коксариевге тапшырылсын
4. Бул токтом ketmen-dobo.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Чороев Б. |