Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2022-жылдын 28-марты № 7-8
Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы мамлекеттин карамагындагы жайыт жерлерди калктуу конуш категориясына которуу боюнча
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн тургундары тарабынан турак жай салууга жер сурап кайрылган арыз ээлерин турак жай жер тилкеси менен камсыздоого мамлекеттик менчикте турган жайыт жерлерди калктуу конуш категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча жер адис Токтоболот уулу Медеткандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кырк-Жигит” аймагынан (участогунан)
Контур № 204, 205, 203, 206, 207, 208, 209, 213, 235, 236, 211, 241, 238, 237, 242, 239, 240, 251, 263, 264. 260, 259, 258, 255, 256, 254, 253, 252, 250, 248, 244, 245, 246, 247, 243, 251 Жалпы аянты 60,1 га
“Уй-Сарай” аймагынан (участогунан)
Контур № 2742, 2745, 2744, 2747, 2730 Жалпы аянты 6,59 га
“Жаңы-Арык” аймагынан (участогунан)
Контур № 4916, 4901, 4898 Жалпы аянты 19,12 га
Жалпы аянты 85,81 га жайыт жерлерин калктуу конуш категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Жайыт жерлерин калктуу конуш категориясына которууга (трансформациялоого) керектелүүчү акча каражаты өз учурунда жергиликтүү бюджеттен каралып берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Алишеровго тапшырылсын.
4.Бул токтом ketmen-dobo.kg. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төраганын орун басары: | Чороев Б. |