Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2022-жылдын 31-марты № 8-2
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жана төраганын орун басарын шайлоо жөнүндө
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин Типтүү регламентинин (Айылдык кеңештин төрагасы жана аны шайлоонун тартиби, айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо), негизинде эсептөө комиссиясынын №2 протоколун угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезекcиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №2 пртоколу бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2.Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин төрайымы болуп Жумалиева Анаржан дайындалсын.Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары болуп айылдык кеңештин депутаты Алманбетов Рустам дайындалсын.
3. Бул токтом ketmen-dobo.kg. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин улуу депутаты | Тургунбаева Д. |
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин шайлоодогу эсептөө комиссиясынын отурумунун экинчи турунун
ПРОТОКОЛУ №2
31.03.2022-жыл | Терек-Суу айылы |
Айылдык кеңештин төрагасын кайра шайлоо төмөндөгүдөй тартип менен жүргүзүлдү .28.03.2022-жылда өтүлгөн айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо алдыңкы добуш алган Жумалиева Анаржандын кандиданты кайрадан жалгыз талапкер болуп көрсөтүлдү. Кезексиз шайлоого 14 депутат катышып, 13 добуш макулдукка, 1 добуш каршы берилди. Жыйынтыгында төрагалыкты шайлоо боюнча колго салганда 13 депутат макул, 1 депутат калыс оюун билдирди. Сессияда төраганын орун басары сунушталып 14 добуш менен тандоосунда Алманбетов Рустам айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Отурумдун жыйынтыгында 14 добуштун 13добушун алгандыктан Жумалиева Анаржан кеңештин төрайымдыгына шайланды. 14 депутаттын толук сунушу менен келген Алманбетов Рустам кеңештин төрайымынын орун басары болуп дайындалды.
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү: | Стамалиева К. Сүйүнтбек к Б. Анарбек у К. |