Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кара-Жыгач кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2022-жылдын 19-апрели № 35-1
Калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу долбоорунун өздүк салымы жөнүндө
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Ташыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин Х чакырылышынын 35-сессиясы
токтом кылат:
1. Кара-Жыгач айыл өкмөтүндөгү бирдиктүү терезеде элге кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында компьютер жана кеңсе камсыз кылууларын сатып алуу үчүн даярдалган долбоорго өздүк салым катары кассалык накталай акча каражаттан 30 000 (отуз миң) сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы М.Атакуловага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтом расмий сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |