Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 19-апрели № 35/2
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунан берилүүчү каражатты планга киргизүү жөнүндө
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы кайрылуусун угуп жана талкуулап, бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин Х чакырылышынын 35-сессиясы
токтом кылат:
1. Кара-Жыгач айыл өкмөтүндөгү бирдиктүү терезеде элге кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу тарабынан компьютер жана кеңсе камсыз кылууларын сатып алуу үчүн даярдалган долбоор ишке ашкандыктан, союз тарабынан берилүүчү 250 000 (эки жүз элүү миң) сом акча каражатын айыл өкмөттүн аппаратынын атайын каражатына (4408071253003013 эсебине) планга киргизилсин
2. Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы М.Атакуловага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтом расмий сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |