Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кара-Жыгач кеңешинин Х чакырылышынын кезектеги XXХV сессиясы
2022-жылдын 19-апрели № 35-3
Жалал-Абад областтык Өнүктүрүү фондунан атайын техника алуу үчүн погрузчик долбоору жөнүндө
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызакановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин Х чакырылышынын 35-сессиясы
токтом кылат:
1. Жалал-Абад областтык Өнүктүрүү фондунан атайын техника алуу үчүн долбоор даярдалсын. Долбоордун иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызакановго милдеттендирилсин.
2. Даярдалган погрузчик долбоорунун өздүк салымы катары Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылдан калган калдык акча каражатынан 31121290 беренесинде Кара-Жыгач айылдык кеңешинин 32/6 сессиясында каралган 1000 000 (миллион) сом акча бөлүнүп берилсин.
3. Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы М.Атакуловага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтом расмий сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |