Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кара-Жыгач кеңешинин ХI чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2022-жылдын 25-апрели № 1/1
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан түзүлгөн эсептөө комиссиясы тарабынан жашыруун добуш берүү менен өткөрүлгөн жабык протоколуна ылайык, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин 1-сессиясы
токтом кылат:
1. Эсептөө комиссиясынын протоколунун жыйынтыгы боюнча Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаты – Назарбеков Анаралы Чиркейович - Кара-Жыгач айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп эсептелинсин.
2. Токтомду расмий сайтка жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы М.Атакуловага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | А.Ч.Назарбеков |