Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кара-Жыгач кеңешинин ХI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2022-жылдын 29-апрели № 2/1
Кара-Жыгач–Сары-Челек автоунаа жолунун жээгине темир тосмо жана жөө жүргүнчүлөр өтүү үчүн тротуар куруу” долбооруна бөлүнгөн өздүк салымга толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызакановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин ХI чакырылышынын II сессиясы
токтом кылат:
1. “Кара-Жыгач – Сары-Челек автоунаа жолунун жээгине темир тосмо жана жөө жүргүнчүлөр өтүү үчүн тротуар куруу” долбооруна бөлүнгөн өздүк салымды толуктоо үчүн 145 400 сом акча каражаты 31112290 беренесине 2022-жылдын бюджетинен жерлердин документин даярдоого каралган 22154900 беренесиндеги 100 000 миң сом акча каражаттан 70 000 сом жана 2021-жылдан калган калдык акча каражатынан документ, смета, долбоорлорду даярдоо үчүн 22154900 беренесинде каралган 200 000 сом акча каражатынан 75400 сом өзгөртүү менен бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү дарекке которуп берүү жагы ФЭБ башчысы Ш.Кайыповго милдеттендирилсин.
3. Токтомду расмий сайтка жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы М.Атакуловага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтом расмий сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | А.Ч.Назарбеков |