Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кара-Жыгач кеңешинин ХI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2022-жылдын 29-апрели № 2/3
Кара-Жыгач айыл өкмөтүндөгү 15 сотыхтан ашыкча огород салыгынын көтөрүлгөн тарифин бекитип берүү жөнүндө
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызакановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин ХI чакырылышынын II сессиясы
токтом кылат:
1. Кара-Жыгач айыл өкмөтунүн бюджетин көтөрүү максатында Кара-Жыгач айыл өкмөтүндөгү 15 сотыхтан ашыкча огород салыгы 1 сотых 30 сомдон төлөнсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
3. Токтомду расмий сайтка жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы М.Атакуловага жүктөлсүн.
4. Токтом расмий сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | А.Ч.Назарбеков |