Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезексиз XII (он экинчи) сессиясы
2022-жылдын 18-августу № 75/XII-28
Ысык-Ата айылдык кеңешинин №18/ III - 28 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Ысык-Ата айылдык кеңешинин 2021-жылдын 19-августундагы №18/ III -28 “Таш-Башат айылынын күн батыш тарабынан К-348, К-349 контурларындагы 2,25га жер тилкесине кичи ГЭС куруу үчүн жерди “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн, “өнөр-жай, транспорт, байланыш, энергетика,коргоо жана башка багыттагы” жерлер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө” токтомунда аталган контурлар жана жалпы аянты туура эмес көрсөтүлүп калгандыктан, Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айылдык кеңешинин 2021-жылдын 19-августундагы №18/ III -28 “Таш-Башат айылынын күн батыш тарабынан К-348, К-349 контурларындагы 2,25га жер тилкесине кичи ГЭС куруу үчүн жерди “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн, “өнөр-жай, транспорт, байланыш, энергетика,коргоо жана башка багыттагы” жерлер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын жер жана агрардык иштер боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |