Бишкек шаары, өкмөт Үйү2006-жылдын 4-январы, № 2 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун, «Центерра Голд Инк.» компаниясынын, «Кумтөр Оперейтинг Компани» жана «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомдорунун ортосундагы Алтын үчүн төлөө жөнүндө макулдашууну жактыруу тууралуу «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун Кара-Балта шаарындагыаффинаждык заводунда куйманы андан ары иштетүү жана аффинаждалганалтынды сатуу үчүн «Кумтөр Оперейтинг Компани» жабык акционердиккоомунан алтындуу Доре куймасын сатып алуунун туруктуу схемасын иштепчыгуу аяктаганга чейин «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунунаффинаждык заводунун туруктуу иштешин камсыздоо максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөту токтом кылат: 1. «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун, «Центерра Голд Инк.»компаниясынын, «Кумтөр Оперейтинг Компани» жана «Кумтөр Голд Компани»жабык акционердик коомдорунун ортосундагы Алтын үчүн төлөө жөнүндөмакулдашуу жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик комитети: - «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун акционерлеринин кезексизжалпы чогулушунда Күрөө жана 11000000 (он бир миллион) АКШ долларынабарабар алдын ала төлөөнүн эки эселенген суммасына эквиваленттүү 1 000000 (бир миллион) даанадан ашык эмес акцияларды күрөөгө берүү жөнүндөкелишимди жактыруу жөнүндө маселелерди карасын; - «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасына-президентине жогоруда айтылган Макулдашууга жана башка керектүүдокументтерге кол коюуга ыйгарым укук берсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казыпалуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов