Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезексиз XII (он экинчи) сессиясы
2022-жылдын 18-августу № 77/XII-28
Айыл өкмөтүнө эмерек алуу үчүн каралган акча каражатынын 237,0 мин сомун Жогорку-Ичке-Суу айылынын ички жолдорун оңдоого карап берүү жөнүндө
Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаты Н.Ибраимовтун “Айыл өкмөтүнө эмерек алуу үчүн каралган акча каражатынын 237,0 мин сомун Жогорку-Ичке-Суу айылынын ички жолдорун оңдоого карап берүүнү сураган” кайрылуусун Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаттары карап,талкуулап чыгып Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнө эмерек алуу үчүн каралган акча каражатынын 237,0 мин сомун Жогорку-Ичке-Суу айылынын ички жолдорун оңдоого жумшоого макулдук берилсин.
2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин өздүк калдыгынын 237,0 мин сому ЖКХ бөлүмүндөгү 2215 беренесине 5,0 мин сом, Жогорку-Ичке-Суу айылынын ички жолдорун оңдоо боюнча сметасын түзүүгө, отургузулсун жана Жогорку-Ичке-Суу айылынын ички жолдорун оңдоого 232,0 мин сом акча каражаты 2221 беренесине отургузулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |