Загрузка документа…
2022-жылдын 16-сентябры № 78 /XIII-28
Алмалуу айылынын борбордук бөлүгүнүн ген.планын бекитип берүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл аймагынын Алмалуу айылынын борбордук бөлүгүнүн ген.планын бекитүү жөнүндөгү маселени карап,талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Ысык-Ата районунун архитектура жана шаар куруу кенешинин 04.03.2021-ж. отурумунун №1 протоколунун көчүрмөсүнүн негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагынын Алмалуу айылынын борбордук бөлүгүнүн ген.планын бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан ген.планды макулдашуу жагы суралсын.
3. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин “Ысык-Ата” филиалынан көрсөтүлгөн тартипте каттоодон өткөрүү жагы суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын жер жана агрардык иштер боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж. Бейшекеев |