Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 7 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектуражана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары -Мамкурулуш) архитектура, шаар курулуш, курулуш, инженердикизилдөө, инженердик-техникалык жана транспорттукинфраструктура, курулуш материалдар өндүрүшү, буюмдар жанаконструкциялар (мындан ары - шааркулуш-архитектуралык иш-аракет), турак жай курулушу жана курулуп бүткөн объекттердикабыл алууну уюштуруу жагынан жөнгө салуучу, көзөмөлдөөфункцияларын ишке ашыруучу мамлекеттик башкаруунунреспубликалык органы болуп саналат. 2. Мамкурулуш өз иш-аракетинде Кыргыз РеспубликасынынКонституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, КыргызРеспубликасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору мененбуйруктарын, өзүнүн токтомдору менен буйруктарын, ошондойэле башка нормативдик укуктук актыларды жана ушул Жобонужетекчиликке алат. 3. Мамкурулуш юридикалык жак болуп саналат, КыргызРеспубликасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттикжана расмий тилдерде өз аталышы жазылган мөөрү, казыначылыксистемасында алыш-бериш жана башка эсептери боюнча, ошондойэле тиешелүү мөөрлөрү жана штамптары болот. Мамкурулуштун борбордук аппаратынын, аймактыкоргандарынын жана ведомстволук уюмдардын кармоого чыгымдардыкаржылоо мамлекеттик бюджеттин жана Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында каралган каржылоонун башка булактарынынэсебинен жүргүзүлөт. II. Негизги милдеттери 4. Мамкурулуштун негизги милдеттери төмөнкүлөр болупсаналат: - шаар курулуш-архитектуралык иштер, турак жайкурулуш, курулуштун бардык түрлөрүнө жер участокторун тандоожана жер участогуна укуктарды берүүтө документтердидаярдоо, курулуш комплексинде кыймылсыз мүлктү баалоо(имараттар жана үйлөр), баа түзүү жана сметалык нормалоожагынан бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүү; - долбоорлоого, курууга, курулуш продукцияларын, курулушматериалдарын, буюмдарды жана конструкцияларды өндүрүүгөкөзөмөл жүргүзүү; - шааркурулуш-архитектуралык иштерди лицензиялоо жанасертификациялоо системасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу; - курулушта аккредитациялоо системасын уюштурууну жанаөнүктүрүүнү камсыз кылуу; - Мамкурулуштун иш- аракет чөйрөсүндө республикалыкмаксаттуу, илимий-техникалык жана инновациялык программаларменен долбоорлордун, ошондой эле курулуштун,реконструкциялоо менен ремонттук-калыбына келтирүү иштерининмамлекеттик заказчысынын функциясын ишке ашыруу; - Кыргыз Республикасында Турак жай курулушунунмамлекеттик программасын ишке ашыруу, турак жай курулушунстимулдоочу механизмдерди түзүү жана калыптандыруу; - бюджеттик каражаттардын эсебинен шааркурулуш-архитектуралык иштер үчүн каралган финансылык ресурстардымаксаттуу жана натыйжалуу пайдалануу; - республиканын окуу жайлары менен өз ара байланыштаболуп архитектура жана курулуш тармагында адистердидаярдоону жана кайра даярдоону уюштуруу. III. Функциялары 5. Мамкурулуш ага жүктөлгөн негизгимилдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат: а) тармактык саясат чөйрөсүндө: - функционалдык милдеттеринин чектеринде техникалыкрегламенттерди белгиленген тартипте иштеп чыгууну уюштуратжана карайт; - курулуш нормалары менен эрежелерин, нускамаларды жанабашка нормативдик документтерди иштеп чыгууну уюштурат жанабекитет; - курулуш объекттеринин долбоордук-сметалыкдокументтерин иштеп чыгуу, макулдашуу, экспертизалоо жанабекитүү тартибин белгилейт; - турак жай-жарандык жана өндүрүштүк багыттагы имараттарменен курулмаларды, ошондой эле инженердик-техникалык жанатранспорттук инфраструкталарды текшерүүлөр жагынаннормативдик-методикалык камсыздоону ишке ашырат; - калктуу конуштардын жерлеринде курулуш куруу жана жерпайдалануу эрежелерин иштеп чыгууга катышат; - курулуштун бардык түрлөрү үчүн жер участокторунтандоону жана жер участкаларына укуктарды берүүгө тийиштүүдокументтерди даярдоону ишке ашырат; - өндүрүштүк жана турак жай-жарандык багыттагыобъекттерди куруу үчүн эксперименттик, типтүү жана базалыкдолбоордук чечимдерди иштеп чыгууну уюштурат жана бекитет,курулуш максаттары үчүн алдыњкы технологияларды,жабдууларды, приборлорду, машиналарды, механизмдерди жанашаймандарды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдайт, алардыөндүрүү жана өздөштүрүү боюнча иштерди уюштурат; - инженердик табылгалар жагынан бирдиктүү техникалыксаясатты ишке ашырат, анын ичинде курулуш үчүн комплекстүүинженердик табылгалардын мамлекеттик фондун түзүүнү жанажүргүзүүнү уюштурат; курулуш жана жер пайдалануу эрежелери,бекитилген шааркурулуш документтери жок же жогорудакөрсөтүлгөн документтерде белгиленген параметрлерден четтепкеткен учурларда калктуу конуштарда курулуш жана жеручастокторун пайдалануу боюнча чечимдерди даярдайт; - эл аралык стандарттарга, нормаларга жана эрежелергеулуттук стандарттарды, курулуш нормалары менен эрежелериншайкеш келтирүүнү камсыздайт; - долбоордук жана курулуш продукциясына баалар боюнчарекомендацияларды иштеп чыгат жана бекитет; - курулуштун сметалык наркын аныктоонун негизгипринциптерин иштеп чыгат; - материалдык ресурстарды сарптоонун сметалык-нормативдик базасын жана нормативдик көрсөткүчтөрүн иштепчыгууну жана бекитүүнү; курулуш наркын аныктоодоколдонулуучу бааларды өзгөртүү индекстерин иштеп чыгуунууюштурат» - курулу.шта эмгекти нормалоону методикалык камсыздоонуишке ашырат; - ар кандай багыттагы курулуш объекттерин,архитектуралык, шааркурулуш документтерин, илимий-изилдөөиштерин, инженердик, транспорттук, социалдыкинфраструктураларды өнүктүрүү схемаларын жана долбоорлорунжана аймактарды ыњгайлаштырууларды мамлекеттик экспертизажүргүзүүнү камсыз кылат; - курулушта, курулуш материалдар, буюмдар жанаконструкциялар өндүрүшүндө сертификациялоо системасынуюштурууну жана өнүктүрүүнү камсыздайт; тармакта шайкештикти баалоо органдарынаккредитация системасын ишке ашырат жана өнүктүрүүнүкамсыздайт; - тиешелүү аткаруу бийлик органдары менен бирдиктеипотеканы ишке киргизүүнү камсыздайт; - архитектуралык-курулуш адистиги боюнча мамлекеттикбилим берүү стандарттарын иштеп чыгууга катышат жанамакулдашуу жүргүзөт; - ведомстволук органдар, кызматтар, подразделениелеркөрсөтүүчү кызматтарга тарифтерди белгиленген тартиптебекитет; - бюджеттик, салык, социалдык жана ипотекалык кредиттиксаясат боюнча, курулушту каржылоо жана инвестирлөө,кыймылсыз мүлк рыногун түзүү, кыймылсыз мүлктү баалоо,архитектура, тарых жана маданият эстеликтерин коргоо, алардысактоо жана пайдалануу боюнча чараларды көрүү, республикалыкмаанидеги музейлерди жана мемориалдык объекттерди түзүүжагынан нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштепчыгууга катышат; -. Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдербоюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдиктедолбоорлоого, курулушка, реконструкциялоого,реабилитациялоого, капиталдык ремонтко подряддык тооруктардыөткөрүү тартибин иштеп чыгат, ошондой эле көрсөтүлгөништердин чөйрөсүндө подряддык иштерге товарлар менен кызматкөрсөтүүлөрдү берүүдө тооруктарга катышат; - Мамкурулуштун компетенциясынын чектеринде мамлекеттикбашка органдар даярдаган нормативдик укуктук актылардындолбоорлору боюнча корутунду берет; - Кыргыз Республикасынын табигый кырсыктардан жапачеккен калкына узак мөөнөттүү ссудаларды берүү жана кайтарыпалуу боюнча бирдиктүү органдын функциясын аткарат; б) координациялоо, контролдоо жана көзөмөлдөөчөйрөсүндө: - өзгөчө кырдаалдар зонасында авариялык-калыбынакелтирүү иштерин координациялоого катышат, курулуучу жанапайдаланууга берилүүчү имараттар менен курулмалардынаварияларынын себептерине териштирүү жүргүзөт; - техникалык регламенттердин талаптарын аткарууга, алариштелип чыкканга чейин - нормативдик укуктук актылардажана/же стандарттарда белгиленген жана КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген курулушнормалары менен эрежелеринин жана башка милдеттүү тапаптардыаткарууга мамлекеттик көзөмөл жүргүзөт; - нормативдик укуктук актыларды, техникалыкрегламенттерди, шааркурулуш документтерин, курулуш жана жерпайдалануу эрежелери бузулган учурда, ошондой эле уруксатберүүчү зарыл документтер жок болсо администрациялыкжоопкерчилик жөнүндө ишти карайт жана Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында каралган тиешелүү санкцияларды кабыл алат; - курулуш-монтаждоо иштеринин жана колдонулуучу курулушматериалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын сапатына,лицензия берүүчү субъекттердин лицензиялык талаптардысакташына, сертификацияланган товарларга инспекциялыкконтролду ишке ашырат; - тартип бузуулар аныкталса, белгиленген тартиптелицензиялардын колдонулушун токтотот жана жоет; - менчиктештирилүүчү мамлекеттик мүлктүн процессиндежарандык, турак жай, өнөр жайлык, социалдык багыттагыобъекттерди жана эс алуу, туризм объекттерин,технологияларды, курулуш материалдар өндүрүшүн, буюмдардынжана конструкциялардын наркын баалоого катышат; - курулуш, курулуш материалдар өнөр жайы, буюмдар жанаконструкциялар чөйрөсүндө иш жүргүзгөн акционердиккоомдордун мамлекеттик менчикке акцияларын белгиленгентартипте оперативдүү (ишенимдүү) башкарууга өткөрүп берүүжөнүндө сунуштарды даярдоого катышат; - кыймылсыз мүлк рыногун түзүү маселелерин чечүүгөкатышат; - мамлекеттик мүлктү башкаруучу мамлекеттик башкарууорганы, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрацияларжана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мененбирдикте курулушу бүтпөгөн турак үйлөрдү жана башкаобъекттерди (республикалык жана жергиликтүү бюджеттенкаржыланган) курулушун бүткөрүү же болбосо сатуу жөнүндөчечим кабыл алат; - жарнамалык-тариздөө, дизайнердик долбоорлорго жанатүзүлүштөргө мамлекеттик көзөмөл жүргүзөт; - объекттерди, турак жай кварталдарын жана райондорункомплекстүү куруу боюнча заказчылардын ыктыярдуу бирикмелерименен биргелешип аракеттенет; - долбоорлоо, куруу, курулуш материалдарьш, буюмдарды,конструкцияларды өндүрүү чөйрөсүндө чакан жана ортоишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшөт; - республикалык жана облустук, шаардык конкурстарды,көргөзмө-жарманкелерди өткөрүүнү уюштурат, алардын ишинекатышат, архитектурада жана курулушта көргөзмө иштеринөнүктүрүү жана өркүндөтүү маселелеринде методикалык жанаконсультациялык жардам көрсөтөт; - шаар курулуш-архитектуралык иштер жаратында эл аралыккызматташууга катышат; - коомдук бирикмелер, союздар жана башка уюмдар менен өзара аракетти уюштурат. в) кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө: - архитектуралык-пландоо, инженердик-пландоотапшырмаларын жана башка долбоордук материалдарды иштепчыгууну жүзөгө ашырат; - жер участокторуна укуктарды берүү боюнчадокументтерди, жер участокторунун пландарын тандоо жанадаярдоо иштерин жүргүзөт; - архитектуралык-шаар курулуш документтерин иштепчыгууну жана бекитүүнү уюштурат; - долбоордук-сметалык документтерге экспертиза жүргүзөтжана макулдашат; - инженердик тармактарды аткаруучулук сүрөткө тартуунужүргүзөт; - шаар курулуш-архитектуралык иштер жагында мамлекеттикпрограммаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнчамамлекеттик заказчынын функциясын аткарат, булпрограммаларды илимий-техникалык жана тажрыйбалык-конструктордук иштерин түзүүгө жана ишке ашырууга,мамлекеттик максаттар үчүн курулуш объекттеринин тизмесинтүзүүгө катышат, аларды ишке ашырууну контролдойт; - жер-жерлерде имараттар менен курулмалардын окторунжана чектерин ("натурасын" аныктоо), негизги магистралдыкинженердик коммуникациялардын окторун, ошондой элечеттеринин линиялык параметрлерин белгилөөнү ишке ашырат; - шааркурулуш-архитектуралык иштер чөйрөсүндө кызыкдаржактарга маалымат берет; - курулуш материалдарына, буюмдарга, конструкцияларгасыноо жүргүзөт; - бирдиктүү шаар курулуш кадастр системасын жанакыймылсыз мүлктү баалоону ишке ашырат; - архитекторлордун, инженерлердин, дизайнерлердин жанакурулуш тармагында долбоорлорду жана ойлоп табууларды иштепчыгууга катышуучу башка адистердин автордук укуктарынкоргоону ишке ашырат; г) колдоо чөйрөсүндө: - ведомстволук уюмдарды оперативдүү башкарууну ишкеашырат; - маалыматтык тармак түзөт, иш-аракеттин негизгибагыттары боюнча маалыматтык фонддорду, маалыматтар базасынжана банктарын жүргүзөт; - шаар курулуш жана архитектура жагынан маалыматтыкбасма иштерин жүргүзөт; - тармактын кызматкериерин социалдык коргоо боюнчачараларды иштеп чыгат; - Мамкурулуш органдарынын жана мекемелеринин кадрларынтандоону, жайгаштырууну жана квалификациясын жогорулатуунууюштурат; - жеке адамдардын жана юридикалык жактардын каттары,арыздары жана даттануулары менен иш жүргүзөт; - илимий-методикалык камсыздоону уюштурат жана калктууконуштардын дежур пландары менен катар мамлекеттик шааркурулуш кадастрын жүргүзөт, шаар курулуш иштерининобъекттери боюнча мониторингди ишке ашырат;. - илимий изилдөө иштерин жүргүзүунү уюштурат, шааркурулуш-архитектуралык иштер жагынан статистикалыкотчеттуулукту өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт; курулуштагы эмгек коопсуздугу боюнча техникалыкнормативдерди иштеп чыгат жана курулуш иштер жагындагысубъекттердин аларды аткарышына белгиленген тартиптемамлекеттик көзөмөл жүргүзөт; - Мамкурулуштун иштерин укуктук камсыздоо боюнча иштердижүргүзөт. д) жөнгө салуу чөйрөсүндө: - шааркурулуш документтеринин, курулуш жана жерпайдалануу эрежелеринин негизинде шаарларда, калктууконуштарда жана рекреациялык зоналарда курулушту жана жерпайдаланууну жөнгө салууну ишке ашырат; - курулушка, реконструкциялоого, кайра профилдештирүүгө,ошондой эле кыймылсыз мүлктү архитектуралык өзгөртүүлөргөуруксат берет; - турак жайларды куруудан ошондой эле шаар курулуш-архитектуралык ишмердикти сертификациялоодон тышкарышааркурулуш ишмердигин, турак жай, коомдук жана өндүрүштүкимараттар менен курулуштарды долбоорлоо-изилдөө иштерин,курулуш-монтаждоо иштерин лицензиялоону ишке ашырат; - КМШнын лицензиялык органдары тарабынан берилүүчүкурулуш иштерин жүргүзүүгө лицензияларды өз ара таануужөнүндө макулдашуунун негизинде Көз карандысыз МамлекеттерШериктештигине катышкан мамлекеттердин курулуш иштерининсубъекттерин лицензиялоо процедурасын жүргүзөт; курулуш тармагынын адистерин квалификациялыксертификациялоону жүргүзөт, бул үчүн зарыл болгоннормативдик, уюштуруу жана окутуу-методикалык документтердибекитет, шааркурулуш-архитектуралык иштер жагынан адистердидаярдоону жана кайра даярдоону уюштурат, ошондой элеокутууну ишке ашырат; - курулуш тармагындагы коопсуздук техникасы жана эмгектикоргоо боюнча башкаруучу жана инженердик-техникалыккызматкерлерди аттестациялоо жүргүзөт; IV. Ыйгарым укуктары 6. Мамкурулуш ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруумаксатында төмөнкүлөргө укуктуу: - эл аралык уюмдардын шааркурулуш-архитектураяык -иштерине байланыштуу иштерине толук укуктуу мүчө катарындакатышууга; - Кыргыз Республикасынын министрликтеринен, мамлекеттиккомитеттеринен, администрациялык ведомстволорунан,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башкамамлекеттик органдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынынаймагында жайгашкан ишканалардан, уюмдардан жанамекемелерден (менчигинин түрүнө жана ведомстволуктаандуулугуна карабастан) зарыл учурларда Мамкурулуштунфункционалдык милдеттерине жана иштерине тиешелүү маселелербоюнча маалымат алууга; - ведомстволук ишканалардын, уюмдардын зарыл учурлардаприказдарын жана буйруктарын жоюуга; - өз компетенциясынын чектеринде приказдарды, жоболордужана башка нормативдик укуктук актыларды чыгарууга; - Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларындакаралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга. V. Иш-аракетти уюштуруу 7. Мамкурулушка Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентитарабынан дайындалуучу директор башчылык кылат. Мамкурулуштун борбордук аппаратында статс-катчысынынжана бир орун басардын орду каралат. Статс-катчы КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптедайындалат. Директордун орун басары Мамкурулуштундиректорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат. 8. Мамкурулуштун директору: - Мамкурулуштун иштерине жетекчилик кылат, ага жүктөлгөнмилдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат,Мамкурулуштун иштеринин өзүнчө багыттарына жетекчилик үчүндиректордун орун басарынын жана статс-катчынын иштеринкоординациялайт жана контролдойт; - жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүүбашчылары менен макулдашуу боюнча архитектура, курулушбоюнча башкармалыктардын аймактык органдарынын жетекчилеринкызматка дайындайт жана ээлеген кызматынан бошотот; - Мамкурулуштун иш-аракет чөйрөсүнө кирген маселелербоюнча чечимдерди кабыл алат; - Мамкурулуштун компетенциясына кирген маселелер боюнчаминистрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялыкведомстволор жана башка аткаруу органдары менен биргелешкенаракетти уюштурат; - подразделениелер жөнүндө жоболорду бекитет,Мамкурулуштун борбордук аппаратынын кызматкерлерин жанаведомстволук структуралардын жетекчи кызматкерлерин ишкедайындайт жана бошотот; - кадрларды тандоону жана жайгаштырууну контролдойт,адистерди даярдоону жана кайра даярдоону, алардынквалификациясын жогорулатууну уюштурат; - эмгек тартибин сактоону контролдойт, эмгек шарттарынандан ары жакшыртуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү камсызкылат; - ведомстволук уюмдардын жоболорун (уставдарын),структурасын, кызмат орундарынын тизмесин бекитет; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курулушинспекторлорун ишке дайындайт жана бошотот; - компетенциясынын чектеринде приказдарды, буйруктардыжана башка нормативдик чечимдерди чыгарат; - Мамкурулуштун атынан ишеним каттарды берет, КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык Мамкурулуштун мүлкүнжана каражатын тескейт. 9. Директор жок учурда анын милдетин статс-катчыаткарат. 10. Мамкурулуштун алдында Шааркурулуш кењеши түзүлөт,анын Жобосу жана курамы Мамкурулуш тарабынан бекитилет. 11. Мамкурулушта 7 мүчөдөн турган коллегия түзүлөт, анынкурамына Мамкурулуштун кызматы боюнча коллегиянын курамынакирүүчү директору (коллегиянын төрагасы), статс-катчы жанаорун басары, ошондой эле Мамкурулуштун структуралыкподразделениелеринин жетекчилери, курулуш тармактарынынжетектөөчү адистери, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын өкүлү кирет. Коллегиянын жеке курамы, анын курамына кызматы боюнчакирген адамдардан башкалары Мамкурулуштун директорунунсунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министритарабынан бекитилет. Коллегия такай өткөрүлчү өзүнүн заседаниелериндеМамкурулуштун ишинин белгиленген чөйрөсүндө маанилүүмилдеттердин аткарылышынын жүрүшүн карайт. Добуштар тењ болуп калган учурда төрагалык кылуучу добушберген чечим кабыл алынды деп эсептелет. Бул чечимге макулболбогон коллегия мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөжазуу жүзүндө өз пикирин билдирүүгө укуктуу. 12. Мамкурулуш анын компетенциясына кирген маселелербоюнча ведомстволор аралык кењештердин жана комиссиялардыништерин уюштуруучулук-техникалык камсыздоону ишке ашырат.