Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 11-январы № 9 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргызстан" авиакомпаниясынтүзүү жөнүндө" 2005-жылдын 4-ноябрындагы № 517 Жарлыгына ылайык жанаавиация тармагына мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча кечиктирилгис ча-раларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-лат: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комите-тине ушул авиакомпаниянын уставдык капиталынын 2 процентин түзүүчү "Ал-тын Эйр" ачык акционердик коомунун 100 даана акциясын өткөрүп берсин. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети: - бир айлык мөөнөттө "Кыргызалтын", "Алтын Эйр" жана "Кыргызстанаба жолдору" улуттук авиаташуучу" акционердик коомдорунун акционерлери-нин жалпы чогулуштарынын кароосуна "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачыкакционердик коомун уюштуруу жөнүндө маселени киргизсин; - "Кыргызстан аба жолдору" улуттук авиаташуучу" ачык акционердиккоомун тењ уюштуруучу катарында тартуу менен "Алтын Эйр" ачык акционер-дик коомунун базасында "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердиккоомун белгиленген тартипте түзсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жанаКыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттиккомитети: - "Кыргызалтын" ачык акционердик коому менен бирдикте Кыргыз Рес-публикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине"Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна таандык "Алтын Эйр" ачык акцио-нердик коомунун 4900 даана акциясын мурдагы карызын төлөө эсебине,ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинеалдыдагы салыктык төлөмдөрдү жоюу эсебинде өткөрүп беришсин; - "Кыргызалтын" ачык акционердик коому менен бирдикте "Алтын Эйр"ачык акционердик коомуна Ту-154М ЕХ-85718 аба кемесине байланыштуу"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун талап кылуу укугун бир айлыкмөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Экономика жана фи-нансы министрлигине өткөрүп беришсин; - "Кыргызстан аба жолдору" улуттук авиаташуучу" ачык акционердиккоомунун кредитордук карызга реструктуралаштыруу жөнүндө маселени ка-рашсын. 4. Төмөнкүлөр сунуш кылынсын: - "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомуна милдеттүүкүрөөлук камсыздоо аркылуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана финан-сы министрлиги менен карыз милдеттенмесин тариздөө; - "Кыргызстан аба жолдору" улуттук авиаташуучу" ачык акционердиккоомуна 2001-жылдын 1-январындагы абал боюнча "Кыргызстан аба жолдору"улуттук авиаташуучу" ачык акционердик коомунун бөлүштүрүлүүчү балансынаылайык алынган заемдук каражаттар боюнча Кыргыз Республикасынын Эконо-мика жана финансы министрлиги менен карыз милдеттенмесин тариздөө. 5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигининалдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду "Кыргызстан абажолдору" улуттук авиаташуучу" ачык акционердик коомунун уюштуруу взносукатарында "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомуна өткөрүпберилүүчү мүлкүн аресттен чыгаруу жөнүндө маселени сот тартибинде чеч-син. 6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги "Кыргызстан" авиа-компаниясы" ачык акционердик коомунун уюштуруу документтерин белгилен-ген тартипте каттоодон өткөрсүн. 7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жа-на отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттик: - "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомунун акцияла-рын мамлекеттик каттоо үчүн уставдык капиталынын 0,01 проценти өлчөмүн-дө бир жолку комиссиялык жыйымдын ставкасын белгилесин. 8. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-рлигинин Жарандык авиация департаменти: - "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомун сертифика-циялоо, лицензиялоо жана кайра багыттоо жол-жоболорун өкмөттөр аралыкмакулдашууларга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүз-сун; - эл аралык милдеттенмелерге жана өкмөттөр аралык макулдашууларгаылайык белгиленген тартипте: - "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомун келишимдиклинияларда дайындалган ташуучу катары аныктасын; - белгиленген тартипте аба кемелеринин тиешелүү паркы болгондо"Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомуна аба кемелеринэксплуатациялоого лицензия берсин. 9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынажана курулуш, транспортту жана коммуникацияларды өнүктүрүү бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов