Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 12-январы № 12 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-сентябрындагы № 450 "Азык-түлүк өндүрүшүн көбөйтүү "КR2" деген Япония Өкмөтүнүн грантынын линиясы боюнча келүүчү айыл чарба техникаларын өз учурунда бөлүштүрүүнү камсыздоо жагындагы чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Айылдык ссуда алуучулардын Япония Өкмөтүнүн гранты боюнча кредит-тик каражаттарга кењири жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, кредиттик жанакүрөөлүк документтерди өз убагында тариздөө максатында Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-сентябрындагы №450 "Азык-түлүк өндүрүшүн көбөйтүү "КR2" деген Япония Өкмөтүнүн гранты-нын линиясы боюнча келүүчү айыл чарба техникаларын өз учурундабөлүштүрүүнү камсыздоо жагындагы чаралар жөнүндө"
токтомуна төмөнкүдөйөзгөртүү киргизилсин: 2-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- ликвиддүү күрөөлүк камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2000-жылдын 15-ноябрындагы № 670 "Мамлекет тарабынан товардык жана фи-нансылык жардам катарында алынган же тартылган мамлекеттик кредиттердинэсебинен сатып алынган минералдык жер семирткичтер, күйүүчү-майлоочуматериалдар, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жана башка материал-дык-техникалык ресурстар түрүндө товардык кредиттерди берүүнүн жанабөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө
Типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомунаылайык, берилчү айыл чарбалык техникасынын баасын кошкондо 130 процентөлчөмдө аныкталсын;". 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана кайра иш-тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов