Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-январындагы № 13 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги соода өкүлчүлүгү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы № 284 токтомунун, 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 558 токтомунун редакцияларына ылайык) I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги соода өкүлчүлүгү (мын-дан ары - соода өкүлчүлүгү) ал жайгашкан мамлекетте тышкы экономикалыкмаселелер боюнча Кыргыз Республикасынын таламдарын көрсөткөн жана аныкоргоону камсыз кылган мамлекеттик орган болуп саналат. 2. Соода өкүлчүлүгү тиешелүү чет мамлекетте Кыргыз Республикасынындипломатиялык өкүлчүлүгүнүн алдында уюштурулат. Кыргыз Республикасынын аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүгүжок учурларда соода өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасы менен тиешелүү четмамлекеттин ортосунда эки тараптуу келишимдин же кат жүзүндөгү макулда-шуунун негизинде Кыргыз Республикасынын өз алдынча чет өлкөлүк мекемесикатары уюштурулат. Соода өкүлчүлүгү уюштурулбаган айрым өлкөлөрдө анын функциясы Кыр-гыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнчаошол мамлекетте жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктүн соода-экономикалыкмаселелери боюнча кењешчисине жүктөлүшү мүмкүн. 3. Соода өкүлчүлүгү ошол мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүктүнбашчысынын саясий жетекчилиги менен иштейт. 4. Соода өкүлчүлүгүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан экиже андан ашуун мамлекеттердеги милдеттерди аткаруу жүктөлүшү мүмкүн. 5. Зарыл учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү соода өкүлчүлүгүнүнрегиондук бөлүмүн уюштурат. Соода өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмү өзишин ал турган мамлекеттеги соода өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги менен ишкеашырат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 558токтомунун редакциясына ылайык) 6. Соода өкүлчүлүгү өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Консти-туциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Премь-ер-министринин буйруктарын, Кыргыз Республикасы үчүн белгиленген тар-типте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын баш-ка нормативдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликкеалат. II. Соода өкүлчүлүгүнүн негизги максаттары жана милдеттери 7. Соода өкулчүлүгүнүн негизги максаттары жана милдеттеритөмөнкүлөр болуп саналат: - тышкы экономикалык иш-аракеттин маселелери боюнча ал жайгашканмамлекетте Кыргыз Республикасынын таламдарын көрсөтүү; - Кыргыз Республикасы менен ошол мамлекеттин ортосундагы экономи-калык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү; - кыргыз товар өндүрүүчүлөрүнүн товарлары менен кызматкөрсөтүүлөрүнүн экспортун илгерилетүү; - Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарынажана социалдык чөйрөсүнө чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу; - соода-экономикалык мамилелердин жањы формаларын ишке ашыруу; - Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иш-аракетиндеги атамекендик катышуучулардын соода-экономикалык кызыкчылыктарын ал жайгаш-кан мамлекетте коргоо, тышкы экономикалык иш-аракетти ишке ашыруудааларга ар тараптан көмөк көрсөтүү, экономикалык жана илимий-техникалыккызматташтыктын түз байланыштарды түзүү, биргелешкен ишканаларды, сер-вистик, соода жана жарнамалык фирмаларды уюштуруу сыяктуу жањы багытта-ры менен формаларын өнүктүрүү. III. Соода өкүлчүлүгүнүн негизги функциялары 8. Соода өкүлчүлүгү жүктөлгөн милдеттерге ылайык: а) жалпы экономикалык шарттарды, тышкы экономикалык байланыштардыөнүктүрүү тенденцияларын, валюталык-финансылык абалды, тышкы экономика-лык иштер жагындагы мыйзамдарды, экологиялык нормативдерди, ал жайгаш-кан мамлекеттин товарлар жана ар кандай кызмат көрсөтүүлөр рыногунунконьюнктурасын изилдейт жана талдайт, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүнушул жана башка маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Экономикалыкөнүктүрүү жана соода министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Тышкыиштер министрлигине, ал эми зарыл учурларда - Кыргыз Республикасынынбашка тиешелүү мамлекеттик органдарына маалымдап турат; б) салык, бажы, баа саясаты жагындагы Кыргыз Республикасынын мый-замдары жөнүндө, Кыргыз Республикасындагы социалдык-экологиялык жанабашка экономикалык шарттар жөнүндө ал жайгашкан мамлекеттин тиешелүүоргандарына билдирет; в) ал жайгашкан мамлекетте Кыргыз Республикасынын тышкы экономика-лык ишмердигинин ата мекендик катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргообоюнча чараларды ишке ашырат, тышкы экономикалык иш-аракеттин кыргызкатышуучуларына, кыргыздардын товарларына, кызмат көрсөтүүлөрүнө, ин-вестицияларына карата ошол мамлекет өз милдеттенмелерин аткарбаган жанажогорудагыларды басмырлаган учурларды аныктайт жана аларды четтетүүгөкөмөктөшөт; г) кызматташтыктын алдыњкы формаларын жөнгө салуу жана өнүктүрүүбоюнча көмөк көрсөтөт; д) соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык маселе-лери боюнча өкмөттөр аралык комиссиялар менен комитеттердин, тышкы эко-номикалык ишмердүүлүк маселелери боюнча эл аралык экономикалык уюмдар-дын иштерине катышат; е) ал жайгашкан мамлекетте сертификациялоо, эл аралык стандарттар-ды колдонуу системасын, сапатты башкаруу проблемасын, кыргыз товарларыменен кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жана атаандашууга жөндөмдүүлүгүнизилдейт жана талдайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экспорттукпродукциясынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча КыргызРеспубликасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигине сунуш кирги-зет; ж) Кыргыз Республикасынын турпродуктусун дүйнөлүк туристтик рынок-торго чыгарууга жана республикага чет өлкөлүк туристтерди тартуугакөмөктөшөт; з) жайгашкан мамлекетте Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалыкбайланыштарын өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук соода-өнөр жайкөргөзмөлөрүн, жарманкелерди, конференцияларды жана семинарлардыөткөрүүгө көмөктөшөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттикоргандарынын өкүлдөрүнө жана тышкы соода ишмердигинин катышуучуларынаошол мамлекеттин өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштурууга жанаөткөрүүгө көмөк көрсөтөт; и) инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана ошол мамлекеттетышкы экономикалык ишмердиктин кыргыз катышуучуларынын инвестициялыкиштерди жүзөгө ашыруусуна көмөктөшөт; к) тышкы экономикалык ишмердиктин кыргыз катышуучуларына ошол мам-лекеттин аймагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өнөктөрдүиздөөгө жана талдоого, ошондой эле кыргыз ишканалары жана уюмдары тара-бынан кызматташтыкка тартылган ошол мамлекеттин жеке адамдарынын жанаюридикалык жактарынын ишенимдүүлүгүн текшерүүгө көмөктөшөт; л) өкүлчүлүк жайгашкан мамлекеттин аймагында жүргөн жана эмгекте-нишкен Кыргыз Республикасынын жарандарына товарларды, жумуштарды жанакызмат көрсөтүүлөрдү берүүлөргө заказдарды алышына жардамдашат; м) төмөнкүлөргө катышат: - жайгашкан мамлекет Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалыккелишимдердин шарттарын бузуусуна же ошол мамлекет Кыргыз Республикасы-нын тышкы экономикалык ишмердигинин катышуучуларын басмырлаган мыйзам-дарды колдонушуна байланышкан соода талаш-тартыштарын жөнгө салууга; - тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн кыргыз жана чет өлкөлүк каты-шуучуларынын ортосундагы соода жана башка коммерциялык талаш-тартыштар-ды сотко чейинки этапта жөнгө салууга; - маалыматты жана интеллектуалдык менчик объекттерин соодалоонукошо алганда кыргыз товарларынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн, инвестицияла-рынын ошол мамлекеттин рыногуна жеткиликтүүлүгүн либералдаштыруу макса-тында соода сүйлөшүүлөрүнө; - Кыргыз Республикасына өкүлчүлүк жайгашкан мамлекеттин же КыргызРеспубликасынын ошол мамлекетке карыздарын жөнгө салууга байланыштуумаселелер боюнча сүйлөшүүлөргө; - тышкы экономикалык байланыш, анын ичинде Кыргыз Республикасыныношол мамлекет менен соода, өнөр жай, экономикалык жана илимий-техника-лык кызматташтык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык ке-лишимдерин иштеп чыгууга катышат жана алардын ишке ашышын көзөмөлдөйт. IV. Соода өкүлчүлүгүнүн иш-аракетин уюштуруу 9. Чет мамлекетте соода өкүлчүлүгүн, ошондой эле анын региондукбөлүмдөрүн уюштуруу, өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу жөнүндө чечим Кыр-гыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасы-нын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер минист-рлиги менен макулдашуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Экономикалыкөнүктүрүү жана соода министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 558токтомунун редакциясына ылайык) 10. Соода өкүлчүлүгү юридикалык жак болуп саналат, анын КыргызРеспубликасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, ошондой элеөкүлчүлүк жайгашкан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык өз ишмердүүлүгүнжүргүзүү үчүн зарыл штамптары жана бланктары болот. Соода өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана өкүлчүлүкжайгашкан мамлекеттин мыйзамдары тарабынан аныкталган тартипте жанашарттарда банктарда расчеттук жана башка эсептерди ача алат. 11. Соода өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын чарбакер субъекттери-нин милдеттенмелерине, ал эми чарбакер субъекттер соода өкүлчүлүгүнүнмилдеттенмелерине жооп бербейт. 12. Соода өкүлчүлүгүнүн ишмердигине жалпы жетекчиликти Кыргыз Рес-публикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги жүргүзөт. 13. Соода өкүлчүлүгүнүн структурасы жана кызмат орундарынын тизме-си Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрли-гинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана КыргызРеспубликасынын Финансы министрлигинин макулдашылган сунушу боюнча Кыр-гыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет. Карањыз: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 4-июлундагы№ 397 (Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү соода өкүлчүлүктөрүжөнүндө) буйругу 14. Соода өкүлчүлүгүн күтүү учурдагы жылга "Республикалык бюджетжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзүнчө статья мененбөлүнүүчү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. 15. Соода өкүлчүлүгүнүн мүлкү Кыргыз Республикасынын менчиги болупсаналат. Соода өкүлчүлүгү ага жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүнкөрсөтүлгөн мүлктү акысыз пайдаланат. Соода өкүлчүлүгүнүн мүлкүнүн курамы жана наркы Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарына ылайык анын балансында чагылдырылат. 16. Соода өкүлчүлүгүнүн финансы-чарбалык иш-аракетин Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соодажана туризм министрлиги жана мамлекеттик финансы контролунун башка ый-гарым укуктуу органдары контролдойт. 17. Соода өкүлчүлүгүнө анын жетекчиси (мындан ары - Соода өкүлү)башчылык кылат, ал Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жанаКыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети мененмакулдашуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жанасоода министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-нистринин буйругу менен кызматка дайындалат жана бошотулат. Соода өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмүнүн жетекчиси (мындан ары Ре-гиондук соода өкүлү) кызматка Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер минис-трлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук коми-тети менен макулдашуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүк-түрүү жана соода министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат. Региондук соода өкүлү өз ишинде Соода өкүлүнө отчет берет. Соода өкүлүнүн жана Региондук соода өкүлүнүн кызматына жогорку би-лимдүү, ишмердүүлүк чөйрөсүнө дал келген, мамлекеттик же дипломатиялыккызматта кеминде үч жылдык иш тажрыйбасы бар жана бул кызматта иштөөүчүн зарыл тажрыйбага ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны дайында-лат. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министр-лиги Соода өкүлү менен (Региондук соода өкүлү менен) 3 жылдык мөөнөткөэмгек келишимин түзөт. Көрсөтүлгөн эмгек келишиминин мөөнөтү бүткөндөКыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигижана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети ме-нен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жанасоода министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-нистринин чечими менен соода өкүлчүлүгүнүн жетекчиси жањы мөөнөткө кай-ра дайындалса, дагы 3 жылга эмгек келишими кайра түзүлүшү мүмкүн. Соодаөкүлүнүн (Региондук соода өкүлүнүн) жалпы иштөө мөөнөтү 6 жылдан ашпоо-го тийиш. Соода өкүлчүлүгүнүн (соода өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмүнүн) кыз-маткерлери кызматка Соода өкүлүнүн (Региондук соода өкүлүнүн) сунушубоюнча Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-рлигинин буйругу менен дайындалат жана бошотулат. Соода өкүлчүлүгүнүн(соода өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмүнүн) кызматкеринин кызматына жо-горку билимдүү, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соо-да министрлигинин түзүмүндө кеминде 3 жыл иштеген, эл аралык соода жанатышкы экономикалык ишмердүүлүк жагындагы иш тажрыйбасына ээ болгон Кыр-гыз Республикасынын жараны дайындалат. Кыргыз Республикасынын Экономи-калык өнүктүрүү жана соода министрлиги соода өкүлчүлүгүнүн кызматкерименен 3 жылга чейинки мөөнөткө эмгек келишимин түзөт. Көрсөтүлгөн мөө-нөт бүткөндө соода өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин сунушу боюнча эмгек кели-шими дагы 3 жылга кайра түзүлүшү мүмкүн. Соода өкүлчүлүгүнүн (соодаөкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмүнүн) кызматкеринин жалпы иштөө мөөнөтү 6жылдан ашпоого тийиш. Соода өкүлчүлүгүнүн (соода өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмүнүн) же-текчисин, соода өкүлчүлүгүнүн (соода өкүлчүлүгүнүн региондук бөлүмүнүн)кызматкерин кызматтан бошотуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат: - өз каалоосу боюнча бошонуу жөнүндө арыз берүү; - эмгек келишиминин мөөнөтүнүн бүтүшү; - Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыроо; - ал болгон өлкөдө өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы; - кызматкер тарабынан ошол өлкөнүн үрп-адаттарын жана мыйзамдарын,ошондой эле жалпы кабыл алынган жүрүм-турум жана адептик нормалардысактабоо; - иш милдеттенмелерин, ошондой эле кызматкер эмгек келишимин түзүүучурунда таанышып чыккан режимдик талаптарды бир нече ирет одоно бузуу; - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган башка негиздер. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 558токтомунун редакциясына ылайык) 18. Соода өкүлү жана Региондук соода өкүлү дипломаттык статуска ээжана ошол мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү-нүн кењешчисинин жана атташесинин рангында ошол мамлекетке аккредитте-лет. Соода өкүлү өз иш-аракетинде жайгашкан мамлекеттеги Соодаөкүлчүлүгүнүн башчысына же анын милдетин аткаруучу адамга отчет берет. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 558токтомунун редакциясына ылайык) 19. Соода өкүлү: а) соода өкүлчүлүгүнүн иштерин түздөн-түз жетектейт; б) соода өкүлчүлүгүнө жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жоопкер-чилик тартат; в) (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы №558 токтомуна ылайык алынып салынды) г) Кыргыз Республикасынын жана өкүлчүлүк жайгашкан мамлекеттинмыйзамдарына ылайык соода өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин иш мезгилинжана эс алуу убактысынын режимин аныктайт; д) соода өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин аткарышы үчүн милдеттүүболгон приказдарды жана буйруктарды чыгарат; е) соода өкүлчүлүгүнүн атынан юридикалык жана финансылык иштердижүргүзөт; ж) атайын байланыш каналдары жана дипломатиялык почта аркылуу ат-каруу бийлик органдарына жиберилүүчү документтерге өз алдынча кол коюу-га укуктуу; з) жасалган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соодажана туризм министрлигине квартал сайын отчет берип турат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 558токтомунун редакциясына ылайык) 20. Соода өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлөмүчөлөрү өкүлчүлүк жайгашкан мамлекеттин мыйзамдарын, администрациялыкэрежелерин, ошондой эле каада-салттарын жана үрп-адаттарын сыйлоого,ошол мамлекеттин ички иштерине кийлигишүү катары чечмелениши мүмкүнболгон ар кандай аракеттерден карманууга милдеттүү.