Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 16-январы № 22 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.А.Асанов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө Улуттук аскер кадрларын даярдоонун натыйжалуулугун жогорулатуумаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.А.Асанов атындагыКыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейи Кыргыз Республикасынын Билимберүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинен Кыргыз РеспубликасынынКоргоо министрлигинин карамагына өткөрүп берилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги бел-гиленген тартипте "2006-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюд-жети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдүкиргизсин жана Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.А.Асанов атын-дагы Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейин кармоого Кыргыз Республи-касынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигине каралганассигнованиенин көлөмүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине ко-торсун. 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети бир айлык мөөнөттө Советтер Союзунун Баатыры гене-рал-майор Д.А.Асанов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук аскер лицейи-нин имараттарын, курулмаларын, окуу жабдууларын жана инвентарларын,транспорт каражаттарын жана башка мүлкүн Кыргыз Республикасынын Билимберүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин балансынан Кыргыз Рес-публикасынын Коргоо министрлигинин балансына өткөрүп берсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-кармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов