Күчүн жоготту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-апрелиндеги № 104 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-январындагы № 26
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 213
токтомунун редакциясына ылайык) I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги (мын-дан ары - Министрлик) экономикалык, бюджеттик, каржылык, салыктык, ба-жылык чөйрөдө координациялык жөнгө салууну жана аткаруучу-тескөөчүфункцияларды ишке ашыруучу, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономика-лык өнүгүшүнүн жалпы саясатын аныктай турган мамлекеттик бийликтин бор-бордук аткаруучу органы болуп саналат. 2. Министрлик өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президен-тинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларынынжана белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин неги-зинде жана аларды аткаруу үчүн уюштурат, контррлдукту жүзөгө ашыраталарды аткаруу боюнча чараларды көрөт. 3. Министрлик юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасы-нын мамлекеттик гербинин сүрөтү жана мамлекеттик жана расмий тилдегиаталышы түшүрүлгөн мөөрү жана башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленгенүлгүдөгү бланктары, банк мекемелеринде эсептешүү, валюталык жана башкаэсептери болот жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жањыэсептерди ачууга укуктуу. II. Министрликтин компетенциясы 4. Министрликтин компетенциясына төмөнкүлөр кирет: - Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүнжалпы саясатын аныктоо; - Кыргыз Республикасынын жана анын аймактарынын бюджетинин эконо-микалык болжолун жана киреше бөлүгүн түзүү; - региондук өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын иштеп чыгуу про-цессин координациялоо; - бирдиктүү мамлекеттик макроэкономикалык, бюджеттик-финансылык,салык жана бажы саясатын иштеп чыгуу жана жүргүзүү; - мамлекеттик (консолидацияланган) бюджетти иштеп чыгуу жана атка-руу; - мамлекеттик финансыны башкаруу саясатын өркүндөтүү; - мамлекеттин бардык социалдык кепилдиктерин толук жана өз убагын-да каржылоо жана экономикалык өсүш үчүн жагымдуу шарттарды түзүү; - казыналыктын системасын системага салуу жана техникалык модерни-зациялоо; - структуралык жана институттук кайра түзүүлөргө талдоо жүргүзүүжана алардын бюджеттик процесске тийгизген таасирин баалоо; - казыналыктын системасы аркылуу салыктык жана салыктык эместүшүүлөрдү, бажылык жыйымдарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү КыргызРеспубликасынын мамлекеттик бюджетине чегерүү; - мамлекеттик финансы системасынын финансылык жана башкаруучулукаудитин өркүндөтүү жана жүзөгө ашыруу; - бардык дењгээлдеги бюджеттерди жана алардын аткарылышы жөнүндөотчетторду түзүүнүн бирдиктүү усулун иштеп чыгуу; - мамлекеттик сектордо финансылык отчеттуулукту жана бухгалтердикэсепти өркүндөтүү жана усулдук жетекчилик; - Кыргыз Республикасынын бирдиктүү инвестициялык саясатынжүргүзүү; - тышкы расмий жардамды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууга мо-ниторингди жүзөгө ашыруу жана министрликтердин, администрациялык ве-домстволордун жана мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын эларалык каржылык уюмдар жана донор өлкөлөр тарабынан каржылануучу прог-раммаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ишин координациялоо; - Кыргыз Республикасынын тышкы жана ички карызын башкаруу; - донор өлкөлөрдүн расмий жардамынын алкагында каражаттарды тартуужана пайдалануу боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жанажүзөгө ашыруу; - баалуу металлдардын жана асыл таштардын мамлекеттик ресурстарынкалыптандыруу жана пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү. III. Министрликтин негизги функциялары 5. Өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында Ми-нистрлик төмөндөгүдөй негизги функцияларды аткарат: - Кыргыз Републикасынын бирдиктүү социалдык-экономикалык саясатынкалыптандыруу процессин аныктайт жана координациялайт; - Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн экономикалык программаларынжана стратегиясын иштеп чыгат; - Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн кыска, орточо жана узакмөөнөттүү макроэкономикалык болжолдорун иштеп чыгат; - экономикалык болжолдорду жана аймактарды өнүктүрүү саясатын иш-теп чыгуу процессин координациялайт; - бюджеттик процесстин алкагында ар жылкы экономикалык болжолдордужана орточо мөөнөттүү макроэкономикалык болжолду Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн бекитүүсүнө берет; - социалдык-экономикалык өнүгүүгө жана Кыргыз Республикасынын бюд-жетинин аткарылышына баа берүү үчүн комплекстүү макроэкономикалык тал-доону жүзөгө ашырат; - Кыргыз Республикасынын жана анын региондорунун социалдык-эконо-микалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчетту түзөт жана Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө берет; - макроэкономикалык туруктуулукту жана бюджеттин бекемдигин сактооүчүн коркунучтардын жана тобокелдердин таасирине оперативдүү талдоо жа-на баалоо жүргүзөт; - өнүктүрүү программаларына алардын өнүктүрүү максаттарына,өнүктүрүүнүн расмий жардамынын алкагында эл аралык уюмдар менен макул-дашуулардын шарттарына ылайык келишине жана финансылык ресурстар мененкамсыз болушунун абалына монторинг жана экспертизаны жүзөгө ашырат; - администрациялык жана структуралык реформаларга мониторингди жа-на баалоону жүзөгө ашырат; - программалык негизде бюджеттин орточо мөөнөттүү болжолун иштепчыгат; - мамлекеттик бюджетти финансылык ресурстар менен камсыз кылуунункыска мөөнөттүү, орточо мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү болжолун жүзөгөашырат; - макроэкономикалык жагдайдын бюджетке таасирин баалоону жүзөгөашырат; - "Республикалык бюджет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынындолбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берет; - мамлекеттик (консолидацияланган) бюджеттин аткарылышы жөнүндөжылдык отчет түзөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет; - Кыргыз Республикасынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышынакомплекстүү талдоо жүргүзөт; - мамлекеттик бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомолунтүзөт, иш жүзүндөгү түшүүлөргө мониторинг жана талдоо жүргүзүүнү жүзөгөашырат; - республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөркиргизет; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына түрткү берүүчү,тењөө жана категориялык гранттарын берүү боюнча нормативдик жана усул-дук документтерди иштеп чыгат; - тарифтердин өзгөрүшүнүн бюджеттин параметрлерине тийгизген таа-сирине талдоо жана баалоо жүргүзөт; - карызга алуунун жана республиканын ички жана тышкы карызынтейлөөнүн мамлекеттик саясатын иштеп чыгат жана ишке ашырат; - Кыргыз Республикасынын бирдиктүү инвестициялык саясатын иштепчыгат жана ишке ашырат; - Мамлекеттик инвестициялар программасын иштеп чыгат жана ишкеашырат; - ушул чөйрөдөгү таламдаш мамлекеттик органдар менен биргелешип,мамлекеттик тышкы карыздарды жана өнүктүрүүнүн расмий жардамын тартуу-нун жана жайгаштыруунун саясатын жана стратегиясын аныктайт жана коор-динациялайт; - бюджеттик мекемелер үчүн чыгашалардын лимиттерин жана норматив-дерин иштеп чыгат; - мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан даярдалган өнүктүрүүнүнрасмий жардамынын, эл аралык макулдашуулардын, меморандумдардын жанакелишимдердин долбоорлоруна эксперттик баа берүүнү жүргүзөт; - эл аралык конферецияларда, семинарларда, эл аралык финансы инс-титуттары жана чет өлкөлүк инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдө жана кон-сультацияларда Министрликтин компетенциясынын чектеринде Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы катары чыгат; - бюджеттер аралык мамилелелер системасын өркүндөтүү боюнча бир-диктүү саясатты жүргүзөт; - министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жер-гиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттин салык жана бажысаясатын жүргүзүүдөгү ишин координациялайт; - бюджеттик, салыктык жана бажылык мыйзамдардын нормативдик укук-тук актыларын иштеп чыгат; - эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) иштөө жана чет өлкөлүк ин-весторлорго салык салуу саясатын аныктайт; - долбоорлорго, Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдары-на киргизилип жаткан түзөтүүлөргө эксперттик баа берет; - КМШга катышуучу мамлекеттердин жана алыскы чет өлкөлөрдүн салыкжана бажы мыйзамдарына талдоо жүргүзөт; - расмий тышкы каржылык, техникалык жардамдын жана кепилдиктердинбардык түрлөрүн жана формаларын эсепке алууну жана талдоону жүзөгө ашы-рат; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, чарбакер субъекти-лерге бюджеттик ссудаларды, түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттарды берүүжөнүндө чечим кабыл алат; - баалуу металлдарды жана асыл таштарды экспорттоо жана импорттооүчүн лицензияларды берүү боюнча эксперттик корутунду берет; - казыналыктын системасы жана ыйгарым укуктуу агент-банктар аркы-луу казыналыктын региондук бөлүмдөрүн тейлөө боюнча мамлекеттик бюджет-тин кассалык аткарылышын жүзөгө ашырат; - мамлекеттик сектордо бухгалтердик эсептин жана финансылык отчет-туулуктун усулун иштеп чыгат; - Республиканын баалуу металдарынын жана асыл таштарынын мамлекет-тик фондун түзөт, аларды эсепке алууну жана сактоону камсыз кылат; - бюджеттик мекемелер тарабынан бюджеттик жана атайын каражаттар-дын, ошондой эле Министрликтин компетенциясынын чектеринде түшкөн гума-нитардык жардамдын максаттуу пайдаланылышына мониторингди жана аудиттижүзөгө ашырат; - мамлекеттик бюджеттин кирешелер жана чыгашалар боюнча отчеттуу-лук жүргүзүү боюнча казыналыктын системасында аудитти жүзөгө ашырат; - чарба жүргүзүүчү субъектилердин мамлекеттик бюджет менен өз арамамилелерин аныктоо, берилген бюджеттик ссудалардын, кредиттердин жанаалар боюнча пайыздардын кайтарылышы боюнча ишти координациялайт жанажүргүзөт; - республикалык бюджеттин жергиликтүү бкэджеттер менен финансылыкөз ара мамилелерин өркүндөтүү боюнча ишти координациялайт; - баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүнүмамлекеттик жөнгө салууну жана мониторингин жүзөгө ашырат; - өзүнүн компетенциясынын чектеринде эл аралык финансы институтта-ры жана республикадагы донордук уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү коор-динациялайт жана жүзөгө ашырат; - мамлекеттик органдар тарабынан расмий тышкы жардамдын долбоорло-рун даярдоо жана ишке ашыруу боюнча милдеттенмелерди аткаруунун монито-рингин жүзөгө ашырат; - донорлор тарабынан финансыланган долбоорлор боюнча аткаруучу ве-домстволор тарабынан жүргүзүлгөн товарларды, жумуштарды жана кызматтар-ды сатып алуулардын жол-жобосунун мониторингин жүзөгө ашырат; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына мамлекеттик четөлкөлүк инвестициялар жагындагы орун алган жана/же пландаштырылып жат-кан саясат жагында консультация берет; - Дүйнөлүк Банкта жана Азия Өнүктүрүү Банкында Кыргыз Республика-сынын Башкаруучу офисинин функциясын, ошондой эле Ислам Өнүктүрүү Бан-кында Кыргыз Республикасынын Башкаруучу альтернат-офисинин функциясынаткарат; - Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдар-дын долбоорлорун жана башка нормативдик укуктук актылардын долбоорлорунКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет; - берилген ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарына катышат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык башка функцияларды атка-рат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги N 213токтомунун редакциясына ылайык) IV. Министрликтин укуктары 6. Министрлик төмөндөгүлөргө укуктуу: - өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик баш-каруу органдарынын ишин координациялоого жана контролдоого, алардан за-рыл маалымат алууга; - бюджеттик каражаттардын пайдаланылышына контролдукту жана аудит-ти жүзөгө ашырууга; - каражаттардын мыйзамсыз чыгымдалгандыгынын, бюджеттик ссудаллар-дын кайтарылбагандыгынын жана алар боюнча пайыздардынтөлөнбөгөндүгүнүн, ошондой эле мурда бөлүнгөн каражаттардын пайдаланы-лышы жөнүндө отчеттордун берилбегендигинин фактылары болгондо республи-калык бюджеттен каржылоону чектөөгө жана токтото турууга; - бюджетги аткаруу процессинде Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењеши тарабынан бекитилген кирешелердин статьяларынын ортосундагыпландык көрсөткүчтөрдү, чыгашалардын статьяларынын ортосундагы ассигна-циялоолорду кайра бөлүштүрүүгө, ошондой эле тиешелүү жылга республика-лык бюджет жөнүндө мыйзам тарабынан бекитилген министрликтер, мамлекет-тик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана мамлекеттик бийлик-тин башка органдары боюнча жалпы ассигнациялоолордун чектеринде кайрабөлүштүрүүгө; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тышкы жана ички заемдук кара-жаттарды тартуу боюнча бирден бир каржылык агенти катары чыгууга; - казыналыктын аймактык жана ведомстволук финансылык органдарынынКыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын сактоо боюнча иши-не контролдукту жүзөгө ашырууга; - бажы жана салык саясаты маселелери, финансылык, экономикалык са-ясаттын башка маселелери боюнча нормативдик укуктук актыларды иштеп чы-гууга жана бекитүүгө; - менчик жана муниципалдык менчикке негизделген ишканалардан, уюм-дардан жана мекемелерден, ошондой эле башка чарбакер субъектилерденмамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн жана максатка ылайыксыз пайдаланылганкаражаттарды белгиленген тартипте өндүрүп алууга; - бюджеттик, салык жана бажы мыйзамдарын колдонуу боюнча расмийтүшүнүктөрдү берүүгө; - белгиленген тартипте журналдарды жана башка басылмаларды уюшту-рууга жана басып чыгарууга; - эл аралык финансы институттары жана донор өлкөлөр тарабынан бе-рилүүчү тышкы расмий каржылык, техникалык жана азык-түлүк жардамынынпайдаланылышына мониторингди жана контролдукту жүзөгө ашырууга; - инвестициялык, техникалык жана финансылык кызматташтык жагындагыэл аралык келишимдерди түзүү маселелери боюнча чыгууга жана берилгеныйгарым укуктарынын чектеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, инвестициялар-га колдоо көрсөтүүгө жана өз ара коргоого, ал боюнча экспертизажүргүзүүгө; - кредиттик жана гранттык макулдашуулар боюнча долбоорлорду адми-нистрациялоо жана ишке ашыруу бөлүмдөрүнүн отчетторун талап кылууга жа-на ишин текшерүүнү жүргүзүүгө; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, чарбакер субъекти-лерге бюджеттик ссудаларды, түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттарды берүүнүжүзөгө ашырууга; - белгиленген тартипте мамлекеттик муктаждыктар үчүн жана Минист-рликтин муктаждыктары үчүн товарларды жөнөтүүгө, жумуштарды аткарууга,кызматтарды көрсөтүүгө заказдарды жайгаштырууга, конкурстарды өткөрүүгөжана мамлекеттик контракттарды түзүүгө; - берилген ыйгарым укуктарынын алкагында консультациялык-кењешберүүчү органдарды түзүүгө; - жергиликтүү, чет өлкөлүк адистерди жана илимий кызматкерлердитартуу менен тармактык, ведомстволор аралык жумушчу топторду түзүүгө; - Министрликтин ишмердиги жөнүндө маалыматтардын коомчулук үчүначык-айкындуулугун, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга; - милдеттүү тартипте жарандарды жекече жана жамаатык кабыл алуунууюштурууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгенмөөнөттөрдө алардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларын кароонукамсыз кылууга; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жана жергиликтүү кењеш-тердин депутаттарынын оозеки жана жазуу жүзүндөгү сунуш-талаптарын,менчиктин бардык түрүндөгү юридикалык жактардын кайрылууларын мыйзам-дарда белгиленген мөөнөттөрдө кароону камсыз кылууга; - Министрликтин архивдик документтерин топтоо, сактоо, эсепке алуужана пайдалануу боюнча ишти жүзөгө ашырууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык доку-менттерди жана иш-кагаздарын жүргүзүүнү камсыз кылууга; - өзүнүн компетенциясынын чектеринде жеке, коммерциялык жана мам-лекеттик сырды түзгөн маалыматтарды коргоону камсыз кылууга; - Министрликтин мамлекеттик кызматчыларынын кесиптик даярдыгын,квалификациясын жогорулатууну жана үйрөнүүдөн өтүшүн жүзөгө ашырууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ишмер-диктерди ишке ашырууга. V. Министрликтин ишин уюштуруу 7. Министрликти министр башкарат, ал Кыргыз Республикасынын Премь-ер-министринин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынанкызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. 8. Министр Министрликке жүктөлгөн ыйгарым укуктардын аткарылышыжана иштин белгиленген чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүнжеке жоопкерчилик тартат. 9. Министрдин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынанМамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу жана министрдин макулдугу бо-юнча кызматка дайындалып жана бошотула турган статс-катчысы болот. Министрдин 3 (үч) орун басары болот, алар министрдин сунушу боюнчаКыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалатжана кызматтан бошотулат. 10. Министр: - Министрликтин ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат; - министрдин орун басарларынын ортосунда функциялык милдеттердибөлүштүрөт; - Министрликтин компетенциясынын чектеринде буйруктарды жана башканормативдик укуктук актыларды чыгарат; - ар жылдык планды жана Министрликтин иш регламентин бекитет; - Министрликтин аймактык жана ведомстволук уюмдарынын штаттык рас-писаниесин жана структурасын бекитет; - борбордук аппараттын структуралык бөлүмдөрү жөнүндө жобону (кыз-маткерлердин функциялык милдеттери менен) жана аймактык, ведомстволукоргандар жөнүндө жобону бекитет; - Министрликтин борбордук аппаратынын, анын системасындагы аймак-тык органдардын жана ведомстволук уюмдардын чыгашаларынын сметасын об-лустар жана Бишек, Ош шаарлары боюнча штаттык санды көрсөтүү менен бе-китет; - өкмөттүн кепилдиги менен заемдук каражаттарды тартуу маселелерибоюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бирден бир агенти катары чыгат; - белгиленген тартипте Министрликтин системасындагы кызматкерлердикызматка дайындайт жана кызматтан бошотот; - Министрликтин системасындагы мамлекеттик кызматчыларга кезектегижана мөөнөтүнөн мурда класстык чендерди ыйгарат, белгиленген тартиптежогорку класстык чендерди жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сый-лыктарын ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизет; - Министрликтин грамоталарын, төш белгилерин жана башка сыйлыкта-рын белгилейт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык структуралыкбөлүмдөрдүн жетекчилеринин жоопкерчилигин белгилейт; - Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдарынын же-текчилери менен биргелешип буйруктарды жана башка актыларды чыгарат; - берилген ыйгарым укуктарына ылайык эл аралык актыларга кол коет; - компетенциясына же болбосо берилген ыйгарым укуктарына ылайыкалыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Рес-публикасынын өкүлү болот; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укук-тарды жүзөгө ашырат. VI. Консультациялык-кењеш берүүчү органдар 11. Министрлик төмөндөгүдөй консультациялык-кењеш берүүчү орган-дарды түзө алат: - коллегия; - кењештер; - комиссиялар; - топтор; - башка формалар; Консультациялык-кењеш берүүчү органдардын чечими сунуш берүүчүмүнөздө болот жана министрдин, же болбосо ал ыйгарым укук берген жетек-чинин чыгарган буйругу аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн. Консультациялык-кењеш берүүчү органдар тескөөчү актыларды кабылалуу аркылуу түзүлөт жана өзүнүн ишин кабыл алынган нормативдик укуктукактыларга (жоболорго, колдонмолорго) ылайык жүзөгө ашырат. Министрликте 15 адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын төра-гасы кызматы боюнча министр, өзгөчө учурда ал ыйгарым укук берген орунбасар болушу мүмкүн. Кызматы боюнча министр, статс-катчы, министрдин орун басарларыколлегиянын мүчөсү болуп эсептелет. Коллегиянын калган мүчөлөрү тармак-тагы мамлекеттик кызматчылардын ичинен дайындалат жана Кыргыз Республи-касынын Премьер-министри тарабынан бекитилет. Коллегиянын курамына ма-кулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынынөкүлдөрү кирет. Коллегия өзүнүн заседаниелеринде "Кыргыз Республикасынын Экономикажана финансы министрлигинин коллегиясы жөнүндө" жобого ылайык өзүнүнкомпетенциясына таандык кылынган маселелерди карайт. Коллегиянын заседаниеси зарылдыгына жараша, бирок кварталында ке-минде бир жолу өткөрүлүп, протокол менен таризделет жана министрдинбуйругу менен ишке ашырылат. Коллегиянын заседаниеси ага анын бардыкмүчөлөрүнүн кеминде жарымы (квалификациялык көпчүлүк) катышканда толукукуктуу болот. Коллегиянын заседаниесинде чечим коллегиянын мүчөлөрүнүн жалпы са-нынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирден болуп калганучурда төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат.