Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 46
токтому менен бекитилген 2006-жылга Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарында Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялар программасын каржылоо көлөмүнөн ашыкча медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошумча төлөө жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 2006-жылга Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сак-тоо уюмдарында Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардыкжардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялар программасынкаржылоо көлөмүнөн ашыкча медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошумчатөлөө жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын жа-рандарынын жана саламаттык сактоо уюмдарынын Мамлекеттик гарантияларпрограммасы боюнча медициналык кызмат көрсөтүүдө укуктарын жөнгө салат,ошондой эле кошумча төлөөнүн негизин, аны саламаттык сактоо уюмдарыпайдаланышын жана пациенттерге кайтарылышын аныктайт. 1. Кошумча төлөө - Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламат-тык сактоо уюмдары Кыргыз Республикасынын жарандарына медицина-санита-риялык жардамдын Мамлекеттик гарантиялар программасын (мындан ары -Мамгарантиялар программасы) каржылоо көлөмүнөн ашыкча көрсөткөн медици-налык кызматтын наркын төлөп берүүгө ошол медициналык кызматты алганжарандардын катышуусу. Калктан кошумча төлөө тартибинде саламаттык сактоо уюмдары тарабы-нан алынган каражаттарга салык салынбайт жана ал мамлекеттик бюджеткеалынбайт. Кошумча төлөө төмөнкүлөргө алынат: - амбулаториялык дењгээлде - Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда(мындан ары - ҮМБ), кењири профилдеги стационарлардын амбулатория-диаг-ностикалык бөлүмдөрүндө (мындан ары - АДБ), үчүнчү дењгээлдеги стацио-нарлардын консультация-диагностикалык бөлүмдөрүндө (мындан ары - КДБ)жүргүзүлгөн лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөр (Мамгаранти-ялар программасы боюнча акысыз жүргүзүлүүчү базалык лабораториялык жанадиагностикалык текшерүүлөрдү кошпогондо); - стационардык дењгээлде - бейтаптарды ооруканага жаткыргандаалардын тамактануусу жана дарылоо процессине түздөн түз байланыштуубардык иш чаралар. 2. Кошумча төлөө дењгээли пациенттин жењилдиктерге укугу боло тур-гандыгына жараша бөлүнөт, аларды Мамгарантиялар программасы жана ушулЖобо жөнгө салат, ошондой эле ал ҮДТ дарыгеринен, үй-бүлөлүк дарыгер-ден, ҮМБ адисинен, жалпы практикадагы дарыгерден, ведомстволук медици-налык кызматтардын, аскердик-дарыгердик комиссиялардын, АДБ, КДБ адис-теринен (мындан ары - тиешелүү адистер) пациентте жолдомо бар болушунабайланыштуу болот. II. Саламаттык сактоо уюмдарында кошумча төлөө 2.1. ҮМБда жана АДБ/КДБда кошумча төлөө 3. ҮМБ, АДБ жана КДБларда жүргүзүлгөн лабораториялык жана диагнос-тикалык текшерүүлөргө кошумча төлөө медициналык кызматка баалардынПрейскуранты боюнча (мындан ары - Баалардын прейскуранты) жүргүзүлөт.Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген бардык саламаттык сактоо уюмдарыүчүн бирдиктүү Баалардын прейскурантын Кыргыз Республикасынын Саламат-тык сактоо министрлиги иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Монопо-лияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү улуттук агенттиги мененмакулдашып бекитет. 4. Мамгарантиялар программасынын № 1 тиркемесинин I тизмесине жананегизги оорусу боюнча II тизмесине ылайык жењилдиктерге укуктары барКыргыз Республикасынын жарандары тиешелүү адистерден жолдомосу болгондоҮМБда, АДБда, КДБда клиникалык протоколдорго ылайык, кымбат баалуу тек-шерүүлөрдү кошпогондо, жүргүзүлгөн лабораториялык, диагностикалык тек-шерүү жана дарылоо иш-чаралары үчүн кошумча төлөөдөн бошотулат. 5. Мамгарантиялар программасынын № 1 тиркемесинин IV тизмесине жа-на III тизмесинин 2-пунктуна ылайык айрым жењилдиктерге укуктары барКыргыз Республикасынын жарандары тиешелүү адистерден жолдомосу болгон-до, Мамгарантиялар программасында көрсөтүлгөн базалык текшерүүлөрдүкошпогондо, Баалардын прейскурантына ылайык текшерүү наркынын 50 про-центи өлчөмүндө кошумча төлөшөт. 6. Жењилдиктерге укуктары жок Кыргыз Республикасынын жарандары ти-ешелүү адистерден лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөргө жол-домосу болгон учурда, Мамгарантиялар программасында көрсөтүлгөн базалыктекшерүүлөрдү кошпогондо, Баалардын прейскурантына ылайык кошумчатөлөшөт. 7. Лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөргө жолдомосу жокКыргыз Республикасынын жарандары женилдиктерге укуктары болгонуна кара-бастан Баалардын прейскурантына ылайык бардык лабораториялык жана диаг-ностикалык текшерүүлөргө кошумча төлөшөт. 8. Кыргыз Республикасынын жарандары, Улуу Ата мекендик согуштункатышуучуларын жана майыптарын кошпогондо, Мамгарантиялар программасы-нын № 2 тиркемесинде көрсөтүлгөн кымбат баалуу лабораториялык жана ди-агностикалык текшерүүлөргө жана манипуляцияларга Баалардын прейскуран-тына ылайык кошумча төлөшөт. 2.2. Стационарларда кошумча төлөө: 9. Стационарга жаткырганда кошумча төлөө ушул Жобонун тиркемесиндекөрсөтүлгөн өлчөмдө төлөнөт. Кошумча төлөө дењгээли тиешелүү адистенжолдомо болушуна ылайык жана оорунун профилине, ошондой эле медициналыккызмат алууда жарандардын жењилдиктерге укуктары болушуна ылайык диффе-ренцияланат. Кошумча төлөө дењгээли төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет: - Мамгарантиялар программасынын III тизмесинин 1.1-пунктундакөрсөтүлгөн жењилдиктерге укуктары бар Кыргыз Республикасынын жарандарыбир кишинин дарыланышынын орточо наркынын 10-15 процент өлчөмүндө ко-шумча төлөшөт; - Мамгарантиялар программасынын № 1 тиркемесинин III тизмесинин1.2-пунктунда жана IV тизмесинде көрсөтүлгөн айрым жењилдиктерге укук-тары бар Кыргыз Республикасынын жарандары бир кишинин дарыланышынын ор-точо наркынын 35 процентине чейинки кошумча өлчөмдө төлөшөт; - жењилдиктерге укуктары жок Кыргыз Республикасынын жарандары биркишинин дарыланышынын орточо наркынын 50 процентине чейинки өлчөмдө ко-шумча төлөшөт; - тиешелүү адистен ооруканага жаткыруу тууралуу жолдомосу жок Кыр-гыз Республикасынын жарандары жењилдиктерге укуктарынын болушуна кара-бай бир кишинин дарыланышынын орточо наркынын 100 проценти өлчөмүндөкошумча төлөшөт. 10. Мамгарантиялар программасынын № 1 тиркемесинин II тизмесинеылайык негизги оорусу боюнча жана I тизмесине ылайык социалдык жењил-диктерге укуктары бар Кыргыз Республикасынын жарандары тиешелүү адистенжолдомосу болгондо кошумча төлөөдөн бошотулат. Ооруканага шашылыш жаткырганда 11. Шашылыш көрсөткүчтөрү стационарга алып келинген бардык бейтап-тарга стационардык шашылыш жардам өмүрүнө коркунуч туудурган акыбалданчыгарылганга чейин акысыз көрсөтүлөт. 12. Шашылыш жардам, анын ичинде оперативдүү кийлигишүү көрсөтүлүп,дем алуу жана гемодинамика көрсөткүчтөрү ордуна келгенден кийин пациен-ттер ушул Жобонун 9-10-пункттарына ылайык тиешелүү адистен жолдомосубар адам катары кошумча төлөшөт. Ооруканага пландуу түрдө жаткырганда 13. Тиешелүү адистен ооруканага жаткыруу тууралуу жолдомо болгонучурда кошумча төлөө өлчөмү Программада каралган жарандардын жењилдик-терге болгон укуктарына ылайык аныкталат. АДБ, КДБ адистеринен ооруканага жаткыруу жолдомосу Кыргыз Респуб-ликасынын башка облустарынан, шаарларынан жана райондорунан келген жа-рандарга гана бериши мүмкүн. 14. Стационарлардын хирургиялык бөлүмдөрүнө операция жүргүзбөйжаткырганда кошумча төлөө өлчөмү терапиялык профилдеги кошумча төлөөөлчөмүнө тењештирилет. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен тиз-меге ылайык аз чыгымдуу хирургиялык жана гинекологиялык операциялардыжана манипуляцияларды жүргүзүү менен ооруканага жаткырганда кошумчатөлөө өлчөмү терапиялык профилге тењештирилет. 15. Керектүү консультациялар, лабораториялык жана диагностикалыктекшерүүлөрдү жүргүзгөндүгү үчүн (Мамгарантиялар программасынын № 2тиркемесинде көрсөтүлгөн кымбат баалуу лабораториялык жана диагностика-лык текшерүүлөр жана манипуляцияларды кошпогондо) пациенттерден кошумчакаражат алууга жол берилбейт. 16. Стационарда тийиштүү адистер, лабораториялык жана диагностика-лык текшерүүлөрдүн айрым түрлөрүн (Мамгарантиялар программасынын № 2тиркемесинде көрсөтүлгөн кымбат баалуу лабораториялык жана диагностика-лык текшерүүлөр жана манипуляцияларды кошпогондо) жүргүзүү үчүн шарттаржок болгон учурда, алар саламаттык сактоонун башка уюмдарындажүргүзүлүшү мүмкүн. Мындай учурда кошумча акы же кошумча төлөө пациент-тен алынбайт, жолдомо берген саламаттык сактоо уюму төлөп берет, булчыгашалар кошумча төлөө каражаттарынын эсебинен Бөлүштүрүү планынын1.3.2.2-статьясы боюнча эсепке алынат. 17. Мамгарантиялар программасынын № 2 тиркемесинде көрсөтүлгөнкымбат баалуу лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөрдү жүргүзүүзарылчылыгы болгондо ооруканада жатып дарыланган пациенттер, Улуу АтаМекендик согуштун майыптарын жана катышуучуларын кошпогондо, бекитилгенБаалардын прейскурантына ылайык текшерүүлөр үчүн өздөрү төлөшөт, же Жо-горку технологиялуу (кымбат баалуу) медициналык жардамдын түрлөрү фон-дунан төлөнөт. 18. Эгерде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигибекиткен дарылануунун орточо наркынан ооруканада дарыланууга кеткен чы-гымдар үч эсе ашып кетсе, саламаттык сактоо уюмунун дарылоо-контролдуккомиссиясы пациент андан аркы дарылануусу үчүн жењилдиктерге укуктарыболушуна карабастан дары-дармек каражатына кошумча чыгашаны төлөпберүүсү тууралуу чечим кабыл алуугу акысы бар. 19. Аз камсыз болгондордун категорияларына кирген Кыргыз Республи-касынын жарандары социалдык коргоо органдары же айыл өкмөтүнүн социал-дык кызматкери тарабынан берилген маалымкаттын негизинде саламаттыксактоо уюмунун дарылоо-контролдук комиссиясынын чечими боюнча кошумчатөлөөдөн бошотулат. Өзгөчө учурларда аз камсыз болгондугу тууралуу маа-лымкатты көрсөтүү мүмкүндүгү жоктугунун себебин көрсөтүү менен жекеарызы болгондо саламаттык сактоо уюмунун дарылоо-контролдук комиссиясыпациенттерди кошумча төлөөдөн бошотушу мүмкүн. Кошумча төлөөдөн бошо-тулган жарандарга медициналык кызмат көрсөтүү дарылоо-алдын алуу уюму-нун консолидацияланган бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт. III. Кошумча төлөө жана аны кайтарып берүү 20. Кошумча төлөөгө негиз болуп ушул Жобонун II бөлүмүнө ылайыктиешелүү адис, же оорукананын кабыл алуу бөлүмүнүн дарыгери берген ко-шумча төлөө талону болуп саналат. Мамгарантиялар программасынын I тизмесине жана негизги оорусу бо-юнча II тизмесине ылайык жењилдиктерге укуктары бар пациенттер үчүн ко-шумча төлөө талону толтурулбайт. 21. Кошумча төлөөнү пациенттер тийиштүү саламаттык сактоо уюмунункассасына төгүшөт. Пациентке ал төккөн кошумча төлөөнүн суммасынкөрсөтүү менен киреше кассалык ордердин дүмүрчөгү берилет. 22. Пациент кошумча төлөөнү төккөндөн кийин өзүнүн жењилдиктергеукуктары болгондугун аныктаса, ошондой эле Мамгарантиялар программасы-нын алкагында медициналык-санитардык жардам алганда пациенттердин укук-тарын бузуу фактылары аныкталганда кошумча төлөгөнү пациентке кайракайтарылып берилет. 23. Ооруканада жатып дарыланган пациентти башка ооруканага которуузарылчылыгы болгондо, же пациент каза тапкан учурда тапшырылган кошумчатөлөө төмөнкү өлчөмдө кайтарылып берилет: - пациент ооруканада бир суткага жетпей жаткан болсо - 100 про-цент; - пациент ооруканада үч суткага жетпей жатып, диагнозун аныктооүчүн байкоодо жүргөн болсо - 50 процент. 24. Кошумча төлөө жана аны кайтарып берүү тартибин Кыргыз Респуб-ликасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктайт. IV. Кошумча төлөө каражаттарын колдонууну эсепке алуу, контролдоо жана анын отчеттуулугу 25. Кошумча төлөө каражаттары дарылоо-диагностикалык процессти жа-на пациенттердин тамактануусун камсыз кылууга байланыштуу иш-чараларга,кызматкерлерин эмгек акысын төлөөгө жана Кыргыз Республикасынын Социал-дык фондуна чегерүүгө жумшалат. 26. Кошумча төлөө каражаттарынын түшкөндүгүн жана сарпталашынэсепке алуу жана отчеттуулук тартиби Кыргыз Республикасынын Саламаттыксактоо министрлиги тарабынан аныкталат. 27. Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан кошумча төлөө каражаттары-нын пайдаланышын контролдоону Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактооминистрлиги Бирдиктүү төлөөчү системасы аркылуу жүргүзөт. Тиркеме 2006-жылга стационардык дарыланууда кошумча төлөө өлчөмдөрү (сом)-----------------------------------------------------------------------|Региондун аталышы| Терапиялык ооруларда, | Хирургиялык ооруларда || | аз чыгымдуу хирургиялык | жана операция жасоодо || | жана гинекологиялык | (сом) || | операцияларда жана | || |манипуляцияларда, | || |операция жүргүзүүсүз | || |хирургиялык оорууларда | || |-------------------------|-------------------------|| |Айрым |Айрым |Жењ- |Жол- |Айрым |Айрым |Жењ- |Жол- || |жењил-|жењил-|ил- |домо-|жењил-|жењил-|ил- |домо-|| |дик- |дик- |дик- |су |дик- |дик- |дик- |су || |терге |терге |терге|жок |терге |терге |терге|жок || |укук- |укук- |укук-| |укук- |укук- |укук-| || |тары |тары |тары | |тары |тары |тары | || |бар |бар |жок | |бар |бар |жок | || |адам- |адам- |адам-| |адам- |адам- |адам-| || |дар |дар |дар | |дар |дар |дар | || |85%- |60%ке | | |85%- |60%ке | | || |90% |чейин-| | |90% |чейин-| | || | |ки | | | |ки | | || | |өлчө- | | | |өлчө- | | || | |мүндө | | | |мүндө | | ||-----------------|------|------|-----|-----|------|------|-----|-----||Бишкек шаарынын | 200 | 690 |970 |1880 | 260 | 900 |1260 |2440 ||аймагында | | | | | | | | ||жайгашкан | | | | | | | | ||саламаттык сактоо| | | | | | | | ||уюмдары, Улуттук | | | | | | | | ||госпиталды, | | | | | | | | ||М.Миррахимов ат. | | | | | | | | ||улуттук | | | | | | | | ||Кардиология жана | | | | | | | | ||терапия борборун,| | | | | | | | ||Улуттук хирургия | | | | | | | | ||борборун, Улуттук| | | | | | | | ||педиатрия жана | | | | | | | | ||балдар хирургия | | | | | | | | ||борборун, | | | | | | | | ||Республикалык | | | | | | | | ||клиникалык | | | | | | | | ||жугуштуу оорулар | | | | | | | | ||ооруканасын, | | | | | | | | ||Республикалык | | | | | | | | ||теривендиспансе- | | | | | | | | ||рин, | | | | | | | | ||Республикалык | | | | | | | | ||наркология | | | | | | | | ||борборун | | | | | | | | ||кошпогондо | | | | | | | | ||-----------------|------|------|-----|-----|------|------|-----|-----||Бишкек шаарынын | 200 | 830 |1110 |2670 | 260 | 1080 |1440 |470 ||аймагында | | | | | | | | ||жайгашкан | | | | | | | | ||республикалык | | | | | | | | ||саламаттык сактоо| | | | | | | | ||уюмдары (Улуттук | | | | | | | | ||госпиталь, | | | | | | | | ||М.Миррахимов ат. | | | | | | | | ||Улуттук | | | | | | | | ||кардиология жана | | | | | | | | ||терапия борбору, | | | | | | | | ||Улуттук хирургия | | | | | | | | ||борбору, Улуттук | | | | | | | | ||педиатрия жана | | | | | | | | ||балдар хирургия | | | | | | | | ||борбору, | | | | | | | | ||Республикалык | | | | | | | | ||клиникалык | | | | | | | | ||жугуштуу | | | | | | | | ||оорулар | | | | | | | | ||ооруканасы, | | | | | | | | ||Республикалык | | | | | | | | ||теривендиспансе- | | | | | | | | ||ри, Республикалык| | | | | | | | ||наркология | | | | | | | | ||борбору) | | | | | | | | ||-----------------|------|------|-----|-----|------|------|-----|-----||Чүй облусунун | 200 | 600 |870 |1640 | 260 | 780 |1130 |2130 ||саламаттык сактоо| | | | | | | | ||уюмдары | | | | | | | | ||-----------------|------|------|-----|-----|------|------|-----|-----||Ысыккөл облусунун| 200 | 600 |870 |1580 | 260 | 780 |1130 |2050 ||саламаттык сактоо| | | | | | | | ||уюмдары | | | | | | | | ||-----------------|------|------|-----|-----|------|------|-----|-----||Ош облусунун | 200 | 430 |710 |1470 | 260 | 560 |920 |1910 ||саламаттык сактоо| | | | | | | | ||уюмдары, Ош | | | | | | | | ||ОБКОну кошпогондо| | | | | | | | ||-----------------|------|------|-----|-----|------|------|-----|-----||Ош шаарынын | 200 | 500 |780 |1610 | 260 | 650 |1020 |2090 ||аймагында | | | | | | | | ||жайгашкан | | | | | | | | ||саламаттык | | | | | | | | ||сактоо уюмдары | | | | | | | | ||-----------------|------|------|-----|-----|------|------|-----|-----||Жалалабат | 200 | 500 |780 |1520 | 260 | 650 |1020 |1980 ||облусунун | | | | | | | | ||саламаттык сактоо| | | | | | | | ||уюмдары | | | | | | | | ||-----------------|------|------|-----|-----|------|------|-----|-----||Баткен облусунун | 200 | 430 |710 |1490 | 260 | 560 |920 |1940 ||саламаттык сактоо| | | | | | | | ||уюмдары | | | | | | | | ||-----------------|------|------|-----|-----|------|------|-----|-----||Нарын облусунун | 200 | 530 |800 |1540 | 260 | 690 |1040 |2000 ||саламаттык сактоо| | | | | | | | ||уюмдары | | | | | | | | ||-----------------|------|------|-----|-----|------|------|-----|-----||Талас облусунун | 200 | 530 |800 |1550 | 260 | 690 |1040 |2010 ||саламаттык сактоо| | | | | | | | ||уюмдары | | | | | | | | |-----------------------------------------------------------------------