Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 46
токтому менен бекитилген Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын 2006-жылга атайын каражаттары жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1.1. "Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги прин-циптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-статьясына, ошон-дой эле "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоожөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-статьясына ылайык сала-маттык сактоо уюмдары жеке жана юридикалык жактарга акы төлөнүүчү меди-циналык эмес, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын медицина-лык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантияларпрограммасына (мындан ары - Мамгарантиялар программасы) кирбеген меди-циналык кызматтын айрым түрлөрүн көрсөтүшү мүмкүн. 1.2. Бул Жобо Мамгарантиялар программасына кирбеген жана саламат-тык сактоо уюмдары акы төлөнүүчү негизде көрсөтүшкөн медициналык эмесжана медициналык кызматтан айрым түрлөрүнүн тизмесин аныктайт. 1.3. Мамгарантиялар программасына кирбеген медициналык эмес жанамедициналык кызматтын айрым түрлөрүнө Баалардын прейскуранты КыргызРеспубликасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктаган тартипте сал-маттык сактоо уюмдары тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасы-нын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улут-тук агенттиги менен макулдашкандан кийин Кыргыз Республикасынын Сала-маттык сактоо министрлиги же ал ыйгарым укук берген орган тарабынан бе-китилет. 1.4. Медициналык эмес жана медициналык кызматтын айрым түрлөрүнкөрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарына түшкөн каражаттар атайын ка-ражаттарга кирет. 1.5. Атайын каражаттар саламаттык сактоо уюмдарынын каржылоо бу-лактарынын бирин түзүп, саламаттык сактоо уюмдарынын консолидацияланганбюджетинин курамына кирет, материалдык-техникалык базасын чыњдоого жанааларды учурдагы кармоого жумшалат. 1.6. Алынган каражаттар жана анын эсебинен саламаттык сактоо уюм-дары жүргүзгөн сарптоолор Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетининкиреше жана чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлөт. II. Атайын каражаттардын түзүлүшү 2.1. Саламаттык сактоо уюмдарынын атайын каражаттары юридикалыкжана жеке жактар тейлөөнүн төмөнкү түрлөрүнө төлөөнүн эсебинен түзүлөт: - жумушка, окууга же мектепке чейинки уюмдарга киргенде, ошондойэле айдоочунун күбөлүгүн алганда жарандардын ден соолугун медициналыккүбөлөндүрүү; - ҮМБда амбулаториялык дењгээлде вакуум-аспирация (эрте мөөнөттөгүкош бойлуулукту жасалма ыкма менен түшүрүү); - декретке чыккан жарандардын ден соолугун пландуу медициналыккүбөлөндүрүү (билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин кошпогондо); - жашырын текшерүү жана дарылоо; - стоматологиялык тейлөө (ортопедиялык, ортодонттук, хирургиялыкжана терапиялык); - сервистик медициналык эмес кызмат (пациенттин комфорттуу шарттатейлениши, бейтаптарды жеке медициналык жана тиричилик жактан тейлөө,заказ боюнча тамактануу ж.б.); - илимий-өндүрүштүк иишердик (балдар азыгын чыгаруу, биостимуля-торлор, биокошумчалар, вакциналар, сывороткалар, кандын компоненттери-нен жасалган препараттар, өсүмдүк, минерал жана жаныбарлардан алынгандары каражаттары, азыктандыруучу чөйрөлөр, дезинфекциялык каражаттар,медициналык багыттагы буюмдар, айыл чарба жана башка продукция өндүрүү)тиешелүү документтери бар болгондо; - дезинфекция, дезинсекция, дератизация жумуштарын жүргүзүү; - сатуу үчүн дератизациялык татканткыч жана башка дезинфекциялыкпрепараттарды жасоо; - ташып келинүүчү жана ташып чыгарылуучу продукцияларга радиомет-риялык жана дозиметриялык изилдөөлөрдү жүргүзүү; - санитария-гигиеналык, химиялык жана лабораториялык изилдөөлөр; - санитардык эрежелерге ылайыктыгы тууралуу санитардык-эпидемиоло-гиялык корутунду берүү, ал "Аткаруу бийлик органдары жана анын структу-ралык подразделениелери көрсөткөн мамлекеттик акысыз жана акы төлөнүүчүкызматтардын реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2000-жылдын 28-декабрындагы № 759 токтому менен бекитилген Аткаруу бий-лик органдары жана анын структуралык подразделениелери көрсөткөн мамле-кеттик акысыз жана акы төлөнүүчү кызматтардын реестринин негизинде бе-рилет; - косметология кызматы; - медициналык-педагогикалык ишмердик; - ижаралык ишмердик; - чарба-келишимдик иштер; - турмуш-тиричилик жагынан тейлөө; - медициналык мекемелердин айылдагы көмөкчү чарбаларынын каражат-тары; - маалыматтык-басма ишмердиги; - соттук-медициналык жана ырасым кызматтары; - автоунаалык тейлөө; - тез жардам бригадалары менен массалык-маданият иш-чараларынтейлөө; - жарандардын чакыруусу боюнча ырасым кызматтарды көрсөтүү үчүнмедициналык тейлөө. 2.2. Атайын каражаттарга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинекатышууга өлкөлөрдүн жарандарына, Кыргыз Республикасынын аймагында ту-руктуу жашаган жарандарды кошпогондо, ошондой эле жашоого укук беретурган документи бар адамдарга медициналык кызмат көрсөткөндүгү үчүнтүшкөн каражаттар кирет. Саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кыз-мат көрсөтүү тартибин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо минист-рлиги эл аралык келишимдерге жана макулдашмаларга ылайык аныктайт.Көрсөтүлгөн медициналык кызматка төлөө саламаттык сактоо уюмдарынын ишжүзүндөгү сарптоолору кеткен чыгашалар боюнча жүргүзүлөт. 2.3. Атайын каражаттарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ыла-йык саламаттык сактоо уюмдары көрсөткөн медициналык кызматка четөлкөлүк жарандардан түшкөн каражаттар да кирет. III. Атайын каражаттарды колдонуу, эсепке алуу жана отчеттуулук тартиби 3.1. Атайын каражаттарды сарптоо саламаттык сактоо уюмдары үчүнбелгиленген тартипте бекитилген бөлүштүрүү планын негизинде жүргүзүлөт. 3.2. Атайын каражаттарды эсепке алуу жана отчеттуулук Кыргыз Рес-публикасынын Экономика жана финансы министрлигинин талаптарына ылайыкжүргүзүлөт. 3.3. Атайын каражаттарды эсепке алууга карата Казыналыкта эсептитейлөө боюнча чыгашалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилегентартипте жана өлчөмдө саламаттык сактоо уюмдарынын каражаттарынын эсе-бинен жүргүзүлөт.