Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 46
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн мамлекеттик гарантиялар программасын ишке ашырууга жиберилүүчү милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары жөнүндө ЖОБО 1. Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жар-дам көрсөтүунүн Мамлекеттик гарантиялар программасын ишке ашырууга жи-берилүүчү Милдетгүү медициналык камсыздандыруу каражаттары жөнүндөгүжобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналыккамсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоонукаржылоодо Бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасынынсаламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынажана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен жыл сайын беки-тилүүчү Кыргаз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жар-дам көрсөтүүнүн мамлекеттик гарантиялар программасына ылайык иштелипчыкты. 2. Бул Жобонун күчү Милдетгүү медициналык камсыздандыруу фондунунаймактык башкармалыктары менен келишим түзгөн жана Бирдиктүү төлөөчүсистемасында иштеген саламатгак сактоо уюмдарына таралат. 3. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары Кыргыз Респуб-ликасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн мамле-кеттик гарантиялар программасынын (мындан ары - Мамгарантиялар програм-масы) алкаганда милдеттүү медициналык камсыздандыруунун Базалык прог-раммасын аткарууга жиберилет. 4. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары Мамгарантияларпрограммасынын алкагында саламаттык сактоо умдарын антирабикалык вакци-на жана антирабикалык иммуноглобулин менен борборлоштуруп камсыз кылуу-га жиберилиши мүмкүн. 5. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары саламаттыксактоо уюмунун консолидацияланган бюджетинин курамына кирет, анын сарп-талышы уюмдун бардык каржылоо булактары боюнча каражаттардыбөлүштүрүүнүн консолидацияланган планына ылайык жүргүзүлөт. 6. Отчеттук жылда уюмдар пайдаланбаган милдеттүү медициналык кам-сыздандыруу каражаттарын алып коюуга болбойт жана алар келерки финансыжылына өткөрүлөт. 7. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары саламаттыксактоо уюмдарында медициналык кызматка төлөп берүү үчүн төмөнкү иш-ара-кеттердин жыйынтыгы боюнча жөнөтүлөт: - стационарларда - 1 кишинин дарыланганы боюнча; - ҮМБ/ҮДТда - катталган камсыздандырылган калктын саны боюнча. 8. Мамгарантиялар программасынын алкагында ММКнын Базалык програм-масын ишке ашыруу үчүн саламаттык сактоо уюмдарына жиберилген каражат-тардын көлөмү төмөнкүдөй аныкталат: - стационарлар боюнча канча адамды дарылагандыгы тууралуу отчеттукмаалыматтардын негизинде белгиленген базалык ставкага ылайык оорунуноордугун эске алуу менен; - Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору (мындан ары - ҮДТ) боюнча ҮДТгакатталган жарандардын санына ылайык камсыздандырылган жарандардын саны-на каржылоонун бекитилген киши башына карата ченемине ылайык. 9. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары Мамгарантияларпрограммасын дары-дармек менен камсыз кылууга Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү бекиткен Өтө маанилүү дары-дармек каражаттары жана медициналыкбагыттагы буюмдар тизмесинин (мындан ары - ӨДМББТ) чегинде пайдаланы-лат. Карањыз: КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-апрели N 312 "Кыргыз Респуб-ликасындагы турмуштук маанилүү дары каражаттардын, вакциналардын жанамедициналык маанидеги буюмдардын тизмеси жөнүндө" токтому 10. ӨДМББТга кирбеген медикаменттерди саламаттык сактоо уюму анык-таган Кошумча тизме боюнча сатып алууга уруксат берилет. 11. Мамгарантиялар программасын аткаруунун алкагында ММКнын База-лык программасын ишке ашыруу үчүн саламаттык сактоо уюмуна берилгенмилдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары калкка медициналыккызмат көрсөтүү процессин уюштурууга байланыштуу максаттарга жана мил-деттерге, ММК фондунун аймактык башкармалыктарынын келишимдик милдетте-рин аткарууга пайдаланылат. 12. Үй-бүлөлүк медицина борборунун курамына кирген ҮДТ ММК кара-жаттарынын 10 процентин ҮМБнын консолидацияланган бюджетине берет, аныничинде 5 проценти - ҮДТнын финансылык жана уюштуруучулук иш-аракетинежетекчилик кылуу жана координациялоо үчүн, 5 проценти - камсыздандырыл-ган жарандар үчүн лабораториялык-диагностикалык текшерүүлөргө. 13. ҮМБнын жетекчиси жана башкы бухгалтери ММК каражаттарынын мак-саттуу жана сарамжалдуу пайдаланылышына жеке жоопкерчилик тартат. 14. Камсыздандырылган жарандарга Мамгарантиялар программасы боюнчамедициналык кызмат көрсөткөндүгү үчүн саламаттык сактоо уюмуна берилгенмилдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары төмөнкүлөргө жумшалышымүмкүн: - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдү кошкондосаламаттык сактоо уюмунун кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө; - төмөнкүлөрдү сатып алууга: - медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды, анын ичин-де амбулаториялык дењгээлде иммундаштыруу жүргүзүү үчүн шприцтер, канпрепараттарын жана анын компоненттерин, сарпталуучу материалдарды, хи-миялык реактивдерди, диагностикалык жана лабораториялык текшерүүлөрүчүн реагенттерди; - медициналык жабдууларды жана аспаптарды, медициналык багыттагыжумшак жана катуу инвентарды; - компьютердик, факсимилдик жана башка техниканы; - муздаткыч жабдууларды; - башка чыгашаларды төлөөгө, анын ичинде жабдууларды (приборлорду)оњдоо жана алдын алуучу тейлөөгө; - иш-сапар чыгашаларынын ордун толтурууга. 15. Стационардык бейтапка лабораториялык-диагностикалык тек-шерүүлөрдүн же кызматтардын айрым түрлөрү башка саламаттык сактоо ую-мунда жүргүзүлсө, көрсөтүлгөн кызматтарга төлөөнү саламаттык сактооуюмдары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткенБаалардын прейскуранты боюнча жүргүзүшөт. Көрсөтүлгөн медициналык кыз-матка төлөп берүү фактысы боюнча чыгашалар "Медикаменттер" статьясындакамтылат. 16. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын пайдалануунуэсепке алуу жана отчеттуулук тартибин Кыргыз Республикасынын Саламаттыксактоо министрлиги аныктайт. 17. ММК каражаттарын максаттуу пайдалангандыгын контролдоону Кыр-гыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүүмедициналык камсыздандыруу фонду жүргүзөт.