Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 30-январы № 48 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан коргоо системасынандан ары өркүндөтүү, ошондой эле социалдык жактан коргоо боюнча норма-тивдик укуктук актыларды системалаштыруу максатында Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Жетишпеген үй-бүлөлөрдү жана жарандарды социалдык жактан кор-гоо системасын өркүндөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн1998-жылдын 15-майындагы № 281
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирги-зилсин: - 4-пункттагы "1-9" деген цифралар "1-8" деген цифраларга алмашты-рылсын; - 13 жана 14-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "13. Ушул токтом менен бекитилген Жаратылыш газын пайдалангандыгыүчүн акы төлөөдө жењилдик укуктарына ээ болгон жарандардын категорияла-рынын тизмесинде аталган жарандар үчүн ар бир категория үчүн белгилен-ген жењилдиктерди эске алуу менен бир абонентке жаратылыш газын пайда-ланылуунун төмөнкүдөй жењилдетилген нормасы белгиленсин: а) газ эсептегич болсо: - жылытуу жана тамак жасоо үчүн газды пайдаланган жекече үйлөрдөтурган жарандар үчүн - от жагуу сезонунда айына 300 куб. м көлөмүндөжана жылдын калган мезгилинде айына 50 куб. м; - газды тамак жасоо үчүн гана пайдаланган жекече үйлөрдө турганжарандар үчүн - жыл бою айына 50 куб. м көлөмүндө; - газ плитасы бар жана газ колонкасын пайдаланган, ысык суу мененкамсыздалбаган өзүнчө квартираларда турган жарандар үчүн - жыл бою айы-на 50 куб. м көлөмүндө; - өзүнчө квартираларда турган жана ысык суу менен камсыздалган жа-на газ плитасы бар, газды тамак жасоого пайдаланган жарандар үчүн -жењилдиктер укугуна ээ үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө 10 куб. м көлөмүндө; б) газ эсептегичи жок болсо: - жылытуу жана тамак жасоо үчүн газды пайдаланган жекече үйлөрдөтурган жарандар үчүн - от жагуу сезонунда айына жалпы аянты 35 кв. мжана жана жылдын калган мезгилинде айына 50 куб. м газ; - газды тамак жасоо үчүн гана пайдаланган жекече үйлөрдө турганжарандар үчүн - жыл бою айына 50 куб. м көлөмүндө; - газ плитасы бар жана газ колонкасын пайдаланган, ысык суу мененкамсыздалбаган өзүнчө квартираларда турган жарандар үчүн - жыл бою айы-на 50 куб, м көлөмүндө; - өзүнчө квартираларда турган жана ысык суу менен камсыздалган жа-на газ плитасы бар, газды тамак жасоого пайдаланган жарандар үчүн -жењилликтер укугуна ээ үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө 10 куб. м көлөмүндө. Аталган нормативдерден ашыкча пайдаланылган газ төлөө учурундаколдонуп жаткан толук тариф боюнча төлөнөт. 14. Ушул токтом менен бекитилген Жаратылыш газын пайдалангандыгыүчүн акы төлөөдө жењилдик укуктарына ээ болгон жарандардын категорияла-рынын тизмесинде аталган жарандар үчүн от жагуу сезонунун жењилдик бе-рилүүчү мезгили жыл сайын 1-ноябрдан тартып 1-апрелге чейин белгилен-син."; - "Жаратылыш газын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдө жењилдик укук-тарына ээ болгон жарандардын категорияларынын тизмеси" деген N 8 тирке-менин 4-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - "а" пунктчасынын экинчи абзацындагы "540" деген сандар "580" де-ген сандарга алмаштырылсын; - "б" пунктчасынын экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "1010" жана"1550" деген сандар тиешелүү түрдө "1070" жана "1660" деген сандаргаалмаштырылсын; - "б" пунктчасынын үчүнчү абзацындагы "чогуу жашаган эмгекке жа-рамсыз үй-бүлө мүчөлөрүнө" деген сөздөр алып салынсын. 2. Пенсиялардын жањы чектик өлчөмү боюнча жаратылыш газын пайда-лангандык үчүн төлөө боюнча жењилдиктерди берүү 2006-жылга республика-лык бюджетте каралган каражаттардын чектеринде 2006-жылдын 1-январынантартып жүргүзүлсүн. 3. "Жаратылыш газын пайдалануу үчүн акы төлөөгө жењилдик берүүдөпенсиянын эњ жогорку өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2000-жылдын 5-декабрындагы № 716
токтому күчүн жоготту дептабылсын. Премьер-министр Ф.Кулов