Бишкек шаары, Өкмөт үйү,2006-жылдын 30-январы, №52 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ Энергонатыйжалуулукту жана энергоүнөмдөөнү камсыздоо жагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу- мамлекеттердин өз ара аракетинин негизги багыттары жана принциптери жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кенешинин 2005-жылдын 11-мартында Москва шаарында кол коюлган чечимин бекитүү жөнүндө Энергонатыйжалуулукту жана энергоүнөмдөөнү камсыздоо жагында Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин өз ара аракетинин негизги багыттары жана принциптери жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кењешинин 2005-жылдын 11-мартындаМосква шаарында кол коюлган чечиминин 5-пунктуна ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралыккелишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын, нормативдик укуктукактылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык КыргызРеспубликасынын өкмөтү токтом кылат: 1.Энергонатыйжалуулукту жана энергоунөмдөөнү камсыздоо жагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин өз ара аракетинин негизги багыттары жана принциптери жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кенешинин 2005-жылдын 11-мартында Москва шаарында кол коюлган
чечими бекитилсин. 2.Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кењешинин көрсөтүлгөн чечими кү-чүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө,Коз карандысыз Мамлекеттер Шериктеш- тигинин Аткаруу комитетине кабарласын. 3.Кыргыз Республикасынын министрликтери,мамлекеттик комитеттери жанаадминистрациялык ведомстволору энергонатыйжалуулук жана энергоүнөмдөөбоюнча улуттук программаларды иштеп чыгууда жана жузого ашырууда,Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу - мамлекеттердинэнергоүнөмдөө саясатынын нормативдик, укуктук, уюштуруучулук, техникалык жана финансылык иш - чараларын жузөгө ашырууда ушулдокументтин жоболорун колдонушсун. 4. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кењеши-нин жогоруда көрсөтүлгөн чечиминен келип чыгуучу милдеттенмелердиаткаруу учун жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги-не (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн. 5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казыпалуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов