Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 30-январы № 54 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты С.Ш.Жеенбековтарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине то-луктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунатиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министр Ф.Кулов 2006-жылдын 30-январы № 17-5739 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция-сынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин депутаты С.Ш.Жеенбеков тарабынан демилге кылынган "КыргызРеспубликасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, аны кабыл алуугатөмөнкүдөй негиздер боюнча макулдук бере албайт. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 9-статьясынын 32-пунктунаылайык "Салык салынуучу жөнөтүүлөр" - бул КНСтен бошотулганжөнөтүүлөрдөн тышкары салык салынуучу субъект тарабынан ишке ашырылуучужөнөтүүлөр жана ушул Кодекстин 138-статьясына ылайык ал төмөнкүлөрдүбилдирет: а) Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды жөнөтүүлөрдү; б) Кыргыз Республикасында акы төлөтүү менен ишке ашырылуучу жумуш-тарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүлөрдү. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 9-статьясынын 38-пунктунаылайык "Жөнөтүү" - экономикалык иш жүргүзүүчү адам тарабынан товарлардыжүктөнү (салык алынуучу товарларды субъект тарабынан жеке максаттардасатуу, белекке берүү, ошондой эле сатып алуу)" жумуштарды аткарууну жа-на кызматтарды көрсөтүүнү (мүлккө болгон менчиктен аны ээликтен ажырат-пастан жалдоого жана ижарага, ошондой эле жерди кошумча ижарагаберүүдөн пайда алууну, кошо алганда) билдирет. Айрым чарбакер субъекттерге берилүүчү Кыргыз Республикасынын салыкмыйзамдарында каралбаган ар кандай салыктык жењилдиктер салык салуунуннегизги принциптеринин бирин - бардык чарбакер субъекттер үчүн чарбажүргүзүүнүн бирдей шарттарын түзгөн акыйкаттык принцибин бузууга алыпкелет, салыктар жана төлөмдөр өзүнчө субъекттердин ортосунда акыйкатжана бирдей бөлүштүрүлүүгө тийиш. Экономикалык иш-аракеттин бир түрүнөсалыктык жењилдиктерди берүү менен мамлекет бюджеттин киреше бөлүгүнүнаткарылышына жетишүү үчүн иштин башка түрлөрү үчүн да салыктык жана ба-жылык төлөмдөрдү жогорулатууга мажбур болот. Ошентип, салыктык оорчу-луктун бирдей эмес бөлүштүрүлүшү келип чыгат. Анын үстүнө сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2001-жылдын 26-ию-нундагы № 410-II токтому менен жактырылган 2001-2010-жылдарга КыргызРеспубликасынын салык саясатын өркүндөтүүнүн колдонуудагы концепциясы-нын жоболоруна жана "Кыргыз Республикасында салык саясатын өркүндөтүүконцепциясынын долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2001-жылдын 29-майындагы № 255 токтомуна карама-каршы келет. Ошондой эле суу чарба курулмаларын жана ага байланышкан мүлктүберүүлөрдү КНСтен бошотулган берүүлөргө киргизүү (негиздемеде алардыайыл өкмөттөрүнүн, райондук суу чарба башкармалыктарынын жана суу чарбакурулмаларынын чарбакер субъекттеринин балансынан АВПнын балансына жеменчигине өткөрүп берүү учуру келтирилген) кабыл алгылыксыз, анткени: - биринчиден, бул норма КНС төлөөдөн тышкары болуучу экономикалыкиш жүргүзүүгө укукту өткөрүп берүү катары (133-статья) Кыргыз Республи-касынын Салык кодексинде айтылган; - экинчиден, жогоруда көрсөтүлгөндөргө ассоциация тарабынан башкажакка (экинчилик рынокко) мүлктү жол берилбеши керек болгон сатуу тууракелет. Айыл чарба продукцияларын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнүн иш-араке-тин жењилдетүү үчүн салыктык оорчулукту жењилдетүү эмес, ал эми сууберүүгө тарифтерди белгилөөнүн негиздүүлүгүн контролдоону күчөтүү ке-рек. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар жөнүндөкодексинин (Салык кодекси) жањы редакциясынын долбоорунда суу алуу ку-рулмаларынын объекттерин жана башка ушу сыяктуу объекттерин акысыз не-гизде мамлекеттик бийлик же өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүпберүүдө КНСтен бошотууну караган норма киргизилген. Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүүмаксатка ылайыксыз деп эсептейт. Премьер-министр Ф.Кулов