КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 3-февралы № 61 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Күйүүчү-майлоочу материалдардын азайтылбачу мамлекеттик запасын түзүү жөнүндө Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн керектүүкүйүүчү-майлоочу материалдардын азайтылбачу мамлекеттик запасын түзүүмаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуу-лар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссиягакүйүүчү-майлоочу материалдардын төмөнкүдөй көлөмдөгү: бензин - 5,0 мињтонна, дизелдик отун - 10,0 мињ тонна жана реактивдүү отун - 1,0 мињтонна азайтылбачу мамлекеттик запасын түзүү үчүн кошумча акча каражатбөлсүн; - "Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджетижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-лорду киргизүүдө көрсөтүлгөн каражаттарды караштырсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссия (координа-тор): - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн азайтылбачу мамлекеттик резерв-деги күйүүчү-майлоочу материалдардын номенклатурасына жана толуктоонормаларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган токтомунун долбоорундаярдасын; - мамлекеттик азайтылбачу запас үчүн күйүүчү-майлоочу материалдар-ды сатып алуу боюнча тендерлик комиссия түзсүн. Тендерлик комиссиянынкурамына төмөнкүдөй өкүлдөр киргизилсин: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинен(комиссиянын төрагасы); Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинен; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алууларжана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссиядан; Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энер-гетика комплекси, кен казып алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстарбөлүмүнөн; - күйүүчү-майлоочу материалдардын резервге коюлган көлөмүн КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомдорунун жана буйруктарынын не-гизинде гана брондон чыгарсын. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-пекциясы күйүүчү-майлоочу материалдардын жогоруда көрсөтүлгөн көлөмүнКыргыз Республикасынын Бажы
кодексинин 178 жана 179-статьяларына ылайыкатайын бажылык режимде тариздесин. 4. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара ас-кери (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Финансылык полициякызматы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууМамлекеттик бажы инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууМамлекеттик салык инспекциясы күйүүчү-майлоочу материалдарды КыргызРеспубликасынын аймагына контрабандалык жол менен алып келүүнү токтотуубоюнча чараларды күчөтүшсүн. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына, экономикалыкөнүктүрүү башкармалыгына жана отун-энергетика комплекси, кен казып алуутармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов