Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 64 токтому менен бекитилген Суу боюнча улуттук кењеш жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Суу боюнча улуттук кењеш (мындан ары - Улуттук кењеш) суу ре-сурстарын башкаруу, аларды пайдалануу жана коргоо боюнча министрликтер-дин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштерин координациялоону камсыздоочу Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы консультациялык жана кењешүүчүорган болуп саналат. 2. Улуттук кењештин төрагасы Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-нистри, анын орун басары - Суу боюнча мамлекеттик администрациясынынжетекчиси болуп саналат. 3. Улуттук кењештин курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынанбекитилет. 4. Улуттук кењештин төрагасы жана мүчөлөрү өз иштерин коомдук не-гиздерде жүргүзүшөт. 5. Улуттук кењештин Секретариатынын иш милдеттерин Суу боюнча мам-лекеттик администрациясы ишке ашырат. 6. Улуттук кењеш өз иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конститу-циясын, Кыргыз Республикасынын Суу кодексин