Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 7-февралы № 69 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин электр энергетикалык системаларынын туруктуу параллелдүү ишин камсыздоо үчүн ресурстардын резервдерин түзүү жана аларды натыйжалуу пайдалануу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердинэлектр энергетикалык системаларынын туруктуу параллелдүү ишин камсыздооүчүн ресурстардын резервдерин түзүү жана аларды натыйжалуу пайдалануужөнүндө 2004-жылдын 15-сентябрында Астана шаарында кол коюлган макулда-шуунун 17-статьясына ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу мак-сатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекет-тердин электр энергетикалык системаларынын туруктуу параллелдүү ишинкамсыздоо үчүн ресурстардын резервдерин түзүү жана аларды натыйжалуупайдалануу жөнүндө 2004-жылдын 15-сентябрында Астана шаарында кол коюл-ган
макулдашуу бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Макулдашуу-нун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыр-гыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Ше-риктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин. 3. Жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуудан келип чыгуучу милдеттенме-лерди аткаруудан жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Монополияга каршысаясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигине, "Электрстанциялары" ачык акционердик коомуна (макулдашуу боюнча) жана "Кыр-гызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомуна (макул-дашуу боюнча) жүктөлсүн. 4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казыпалуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов