Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 7-февралындагы № 71 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык стратегиялар борборун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын структурасын өркүдөтүү жөнүндө"
Жарлыгына ылайык, экономикалык план-доону жана болжолдоону жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигининалдындагы Экономикалык жана социалдык реформалар борборунун базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык стратегиялар борбору түзүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык страте-гиялар борбору (мындан ары - Борбор) жөнүндө тиркелген
жобо бекитил-син. 3. Борбор Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Борбордун структурасын жана штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө буйругунун долбоорун даярдасын жана аныкталган тартипте киргизсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов