Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 7-февралындагы № 71
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык стратегиялар борбору жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн
2006-жылдын 28-апрелиндеги №313 токтомунун редакциясына ылайык) I. Жалпы жоболор 1.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык страте-гиялар борбору (мындан ары - Борбор) экономикалык стратегияларды иштепчыгуу жана өркүндөтүү, экономикалык жана социалдык реформаларды те-рењдетүү жана Кыргыз Республикасын комплекстүү социалдык-экономикалыкөнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү программаларын иштепчыгуу боюнча илимий изилдөөчү, аналитикалык, методикалык, координация-лык жана практикалык иштерди жүргүзүүчү мамлекеттик мекеме болот. 1.2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентининжарлыктарына жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ток-томдоруна жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын башка нормативдикукуктук актыларына жана ушул Жобого таянат. 1.3. Борбор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет. 1.4. Борбор юридикалык жак болот, Кыргыз Республикасынын Мамлекет-тик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жанарасмий тилдерде жазылган мөөрү, казыналык системасында алыш-бериш жанабашка эсептери болот. 1.5. Борборду кармоого чыгымдар республикалык бюджеттин эсебиненжана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка каржылоо бу-лактарынан каржыланат. 1.6. Борбордун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаа-ры, Эркиндик бульвары 58, "а". II. Борбордун милдеттери жана функциялары 2.1. Борбордун негизги милдеттери төмөнкүдөй: - илимий-методологиялык база түзүү жана аны төмөнкүлөр үчүн пайда-лануу: Кыргыз Республикасын комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү-нүн жана орто мөөнөткө жана узак мөөнөткө карата болжолдоонун негизгибагыттарын аныктоого жана иштеп чыгууга; жергиликтүү башкаруу органдары менен бирдикте айрым облустарды жа-на аймактарды өнүктүрүүнүн региондук программаларын иштеп чыгууга жанамамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун струк-турасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга; мамлекеттик программаларды: Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейинөнүктүрүүнүн комплекстүү негизин (мындан ары - КОР) жана Кедейчиликтикыскартуунун улуттук стратегиясын (мындан ары НССБ), айрым региондордужана чакан шаарларды өнүктүрүү программаларын, Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин тийиштүү жарлыктарын жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн токтомдорун талдоого жана ишке ашыруу процесстерине бааберүүгө; жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү макро- жана микроэкономикалыкпроцесстерди талдоого жана интеграцилык процесстерди терењдетүү жанаэкспортко багытталган өндүрүштөрдү өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштепчыгууга; макроэкономикалык саясатта экономикалык жана социалдык реформалар-дын жүрүшүнө жакшы таасир этүүчү негизги багыттарды аныктоого; инфляциялык процесстерди, баалардын динамикасын жана элдин жашоодењгээлин изилдөөгө, алардын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүтемптерине тийгизүүчү терс таасирин нейтралдаштыруучу чараларды иштепчыгууга; рыноктук өзгөртүүлөрдү талдоого жана натыйжалуулугун баалоого; экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн ар кыл жагдайлары боюнча ме-тодикалык колдонмолорду жана проблемаларга арналган мониторингдердинжыйынтыктарын даярдоого; министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ве-домстолордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комплекстүү социалдык-экономи-калык өнүктүрүүнүн жана экономиканы мамлекеттик жөнгө салуу механизмде-рин өркүндөтүүнүн программаларын жана божомолдорун иштеп чыгууда ишмер-диктерин координациялоо боюнча практикалык чараларга катышууга; агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү программаларын жана божомолдоруништеп чыгуу, анын натыйжалуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнжогорулатуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу; агрардык сектордо кооперацияны, интеграцияны жана кластеризацияныөнүктүрүү зарылчылыгынын негиздемелери; - Экономикалык кызматташтык уюмунун (мындан ары - ЭКУ) Секретариа-тынын чегинде экономикалык изилдөөлөрдү координациялоо жана жүргүзүү. 2.2. Борбор негизги милдеттерди аткаруу үчүн: - республиканы, тармактарды жана региондорду комплекстүү социал-дык-экономикалык өнүктүрүүнүн келечек концепцияларын жана программала-рын иштеп чыгуу боюнча илимий-методикалык жетекчиликти жана практикалыкишти жүргүзөт; - аспирантура жана докторантура аркылуу жогорку квалификациялууадистерди даярдайт, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, адми-нистрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар-дын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистеринин ква-лификациясын жогорулатат; - республиканы, анын аймактарын социалдык-экономикалыкөнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын негиздөө жана Кыргыз Республика-сынын экономикасынын иштешинин натыйжалуулугун арттыруу боюнча болжол-доочу-талдоочу ишти жүргүзөт; - министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жер-гиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин жана уюмдардынэкономикалык стратегияларды өркүндөтүү, экономикалык жана социалдык ре-формаларды терењдетүү, комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү бо-юнча долбоорлорун жана сунуштарын системага салат, жалпылайт; - министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жер-гиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын экономикалык жана социалдыкөнүктүрүүнүн жүрүшүн кечењдетип жаткан факторлордун алдын алуу жана жо-юу боюнча жалпыланган сунуштарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каро-осуна киргизет; - региондордогу жана жалпы республикадагы макроэкономикалык кырда-алга системалуу баа берет; - Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмалары бо-юнча экономикалык жана социалдык өзгөчө маанилүү маселелер боюнча жашы-рын корутундуларды даярдайт; - мамлекеттик программаларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштепчыгууга, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республика-сын экономикалык жана социалдык өнүктүрүү маселесине байланышкан док-ладдары үчүн материалдарды даярдоого катышат; - мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-рына социалдык-экономикалык өнүктүрүү, алдыњкы тажрыйбаны жана чарбажүргүзүүнүн рыноктук методдорун киргизүү маселеси боюнча программалардыиштеп чыгууга методикалык жана уюштуруучулук жардам көрсөтөт. III. Борбордун ыйгарым укуктары Борбор өз функцияларын аткаруу үчүн өз компетенциясынын чегиндетөмөнкүдөй укуктарга ээ: - статистикалык органдардан (Кыргыз Республикасынын Улуттук ста-тистика комитетине макулдашуу боюнча), министрликтерден, мамлекеттиккомитеттерден, администрациялык ведомстволордон, жергиликтүү мамлекет-тик администрациялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-нан, менчигинин түрүнө карабастан башка уюмдардан жана мекемелерденпрограммалык документтердин, нормативдик укуктук актылардын, методика-лык рекомендациялардын долбоорлорун жалпылоо, түзүү үчүн жана Борбордункомпетенциясына кирген башка маселелерди чечүү үчүн керектүү статисти-калык маалыматтарды, маалыматтык жана аналитикалык материалдарды суроо-го жана алууга; - республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн айрым проблема-лары боюнча материалдарды даярдоо үчүн министрликтердин, мамлекеттиккомитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекет-тик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-нын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, жождордунөкүлдөрүн, окумуштууларды жана практиктерди, чет өлкөлүк эксперттердижана консультанттарды аныкталган тартипте ишке тартууга; - социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн айрым проблемаларын чечүүбоюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу максатында ведомстволораралык жумушчу комиссияларды (топторду) жана убактылуу чыгармачыл жама-аттарды түзүүгө; - Кыргыз Республикасын экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүнайрыкча маанилүү багыттары боюнча ведомстволор аралык комиссиялардын(топтордун) ишин башкарууга; - Борбордун компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн заседаниелерине, министрликтердин, мамлекеттиккомитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекет-тик администрациялардын коллегияларына катышууга; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында түзүлгөн кењештерге ка-тышууга; - экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерибоюнча семинарларды, конференцияларды өткөрүүгө; - илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын, аналитикалык-болжолдоочу иш-теп чыгууларды, илимий конференциялардын, семинарлардын материалдарынж.б. аныкталган тартипте жарыялоого. IV. Борбордун структурасы жана башкаруу органдары 4.1. Борбордун уюштуруу структурасы жана штаттык расписаниеси Кыр-гыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет жанаушул Жобо менен аныкталган максаттарды жана милдеттерди аткаруу зарыл-дыгын эске алып түзүлөт. 4.2. Борборду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка да-йындоочу жана бошотуучу директор башкарат. 4.3. Борбордун директору: - Борборго жүктөлгөн маселелер жана милдеттер аткарылышы үчүн жекежоопкерчиликте болот, Борбордун структуралык подразделениелеринин же-текчилеринин функцияларын жана жоопкерчилик даражаларын аныктайт; - Борбордун компетенциясынын чегинде приказдарды жана буйруктардычыгарат; - аныкталган штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегиндеБорбордун структурасын жана штаттык расписаниесин иштеп чыгат жана Кыр-гыз Республикасынын Премьер-министрине бекитүүгө берет; - ушул Жобо менен Борборго жүктөлгөн милдеттердин жана функциялар-дын аткарылышын камсыз кылат; - өз компетенциясынын чегинде кадрларды тандайт жана жайгаштырат,апардын квалификациясын жогорулатат, аспирантура жана докторантура ар-кылуу кадрларды даярдоону уюштурат; - Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) Секретариатынын чегиндеУлуттук координатор катары чыгат. 4.4. Борбордо Окумуштуулар кењеши түзүлөт, ал жөнүндө жобону Кыр-гыз Республикасынын Премьер-министри Борбордун директорунун сунушу бо-юнча бекитет. 4.5. Окумуштуулар кењеши өзүнүн заседаниелеринде Борбордун ишинуюштуруунун, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүпрограммаларын иштеп чыгуу жана аткаруу маселелерин карайт. V. Борборду өзгөртүп уюштуруу жана жоюу Борборду өзгөртүп уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мый-замдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.