Бишкек шаары. Өкмөт Үйү2006-жылдын 8-февралы, № 80 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө Айыл жерлеринде туруктуу жашаган жана жер үлүштөрүн алууга укугубар, бирок ар кандай себептер боюнча Кыргыз Республикасынын Жеркодексин колдонууга киргизүү учуруна карата албай калган жарандардыжер үлүштөрү менен камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Жеркодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын 6-статьясына жана "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруужөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Жер үлүшүн алууга укугу бар, бирок Кыргыз Республикасынын Жеркодексин колдонууга киргизүү учуруна карата аларды ар кандай себептерменен албай калышкан Кыргыз Республикасынын жарандарына Айыл чарбажерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жер участокторунун эсебинентиркемеге ылайык жер үлүштөрүн акысыз берүү жөнүндө жергиликтүүкењештердин сунуштары кабыл алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтому КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин бекитүүсүнө жиберилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккөукуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору бул маселеКыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралган учурда КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министр Ф.Кулов