КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 9-февралындагы № 81 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Ссуда алгандардын министрликтер, администрациялык ведомстволор, укук коргоо органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кармап калган каражаттарын мамлекеттик карыз каражаттар боюнча береселерди жоюуга чегерүү жөнүндө Министрликтер, администрациялык ведомстволор, укук коргоо органдары,жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1999-жылдын 30-мартындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы менен алынган бюджеттик ссудаларды жана чет өлкөлүк кредиттерди өз убагында кайтарууну камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин
Указын аткаруу боюнча Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн негизги милдеттери жөнүндө" токтомуна ылайык кармап калышкан каражаттарды чарбакер субъекттердин мамлекеттик карыз каражаттар боюнча береселерин жоюунун эсебине чегерүүнү камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, укук коргоо орган-дары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары: - министрликтер, администрациялык ведомстволор, укук коргоо орган-дары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 1999-жылы карыздарды кайруу боюнча кызмат-тардын акысын төлөөнүн эсебине кармап калышкан каражаттар боюнча салыш-тыруу актыларын чарбакер субъекттер менен аныкталган тартипте тариз-дешсин; - таризделген салыштыруу актыларын өз ара чегерүүлөрдү жүргүзүүүчүн 2006-жылдын 1-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Экономикажана финансы министрлигине беришсин. 2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги берил-ген салыштыруу актыларынын негизинде министрликтер, администрациялык ведомстволор, укук коргоо органдары, жергиликтүү мамлекеттик администра-циялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, алар чарбакер субъекттердин карыздарын кайруу боюнча кызматтардын акысын төлөөнүн эсебине кармап калышкан каражаттар бул аталган структуралар үчүнреспубликалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен кайра берилишинкамсыздасын. 3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд: - министрликтерден, администрациялык ведомстволордон, укук коргоооргандарынан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан тийиштүү суммалар түшкөндөн кийин алар менен чарбакер субъекттердин береселерин жоюу боюнча кызматтарга акы төлөөгө келишимдерди түзсүн; - министрликтерге, администрациялык ведомстволорго, укук коргоо органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарына бересени жоюудан берилчү тийиштүү сумманы бюджеттик ссудалардын жана чет өлкөлүк кредиттердин жоюлушун камсыздоонун эсебине түшкөн каражаттардын эсебине берсин. 4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги министрликтер, администрациялык ведомстволор, укук коргоо органдары, жер-гиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча баш-каруу органдары карыз каражаттарды өндүрүү боюнча кызмат көрсөтүүдөкармап калган акча каражаттарды республикалык бюджетте алар үчүн каралганкаражаттардын эсебинен Япониянын Өкмөтүнүн гранттарынын топтоо эсептеринекоторууну камсыздасын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына, коргонуу жанаукуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Эконо-мика жана финансы министрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов