Бишкек шаары, Өмөт Үйү2006-жылдын 9-февралындагы № 83 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн линиясы боюнча гранттык жардамды координациялоону күчөтүү жөнүдө Техникалык жардамдарды жана гранттарды тартуу, аларды натыйжалуу пайдалануу жагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, донор өлкөлөр менен иштерди координациялоону камсыздоо максатында Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн линиясы боюнча гранттык негизде Кыргыз Республикасына көрсөтүлүүчү жардамды координациялоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бирден бир финансылык агенти катары Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министр-лиги аныкталсын. 2. Гранттык жардамды тартуу жана бөлүштүрүү жөнүњдө Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөүнүн атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Экономика жана фи-нансы министрлигине ыйгарым укук берилсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов