Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 512 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 15-февралы № 96
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик билим
берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларын
материалдык жактан камсыз кылуу боюнча жобону
бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо минист-
рлигинин баштапкы кесиптик билим берүү тутумун реформалоо жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнун 2004-жылдын 20-сентябрындагы № 700 токто-
му менен бекитилген 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын баштапкы
кесиптик билим берүү тутумун реформалоо боюнча иш-чаралардын планын иш-
ке ашыруу жана баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын
окуучуларын материалдык жактан камсыз кылууну жакшыртуу максатында Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик билим берүүсүнүн билим
берүү уюмдарынын окуучуларын материалдык жактан камсыз кылуу жөнүндө
тиркелген Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-
нистрлигинин баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгы ушул токтомду
аткаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги баш-
тапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын реабилитациялык борборлорун жана
чыгымдарынын корголгон статьяларын өз убагында жана толук көлөмдө кар-
жылоону камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-
кармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов