Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт үйү2006-жылдын 15-февралы №97 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ "Электр энергиясынын рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү токтом кылат: 1."Электр энергиясынын рыногу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген кору-тундунун негизинде макулдук берилсин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешине жиберилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Бишкек шаары, Өкмөт үйү2006-жылдын 15-февралы №97 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине "Электр энергиясынын рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин депутаты Р.С.Мамыров тарабынан демилге кылынган "Электрэнергиясынын рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорункарап чыгып, аны кабыл алууга төмөнкүдөй сын-пикирлерди эске алууменен макулдугун берет. Азыркы убакта рынок экономикасынын алкагында электр энергиясынпайдалануу процессинде келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу зарылдыгыпайда болду. Бирок, бул мыйзам долбоорунун көпчүлүк нормалары электрэнергетикасы жагындагы мыйзамдар менен жөнгө салынган. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жогоруда аталган долбоорунунжоболорунун маанилүүлүгүн эске алып жана Кыргыз РеспубликасынынЮстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жанатуризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясатжана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги, электрэнергетикалык компаниялар жана эл аралык донорлор тарабынан берилгенсын-пикирлерди жана сунуштарды көњүлгө алуу менен КыргызРеспубликасынын Өкмөтү бул Мыйзам долбоорун бирдиктүү терминологияиштеп чыгуу менен "Электр энергиясынын рыногу жөнүндө" өзүнчө бөлүмтүрүндө "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынатолуктоо киргизүү аркылуу "Кыргызэнерго" акционердик коомунмамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын төртүнчүэтабын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши жактыргандан кийин карапчыгууну сунуштайт. Премьер-министр Ф.Кулов