Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2006-жылдын 3-июлу № 477
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Жети баатыр атындагы Айдаркен чегара отрядынын "Кадамжай" чегара заставасына капитан Ыкышев Курманбек Согушбековичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы № 40, 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700, 2013-жылдын 30-майындагы № 306 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жаш муундарды аскердик-патриоттук жактан тарбиялоо, капитан Ыкышев Курманбек Согушбековичтин элесин түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Жети баатыр атындагы Айдаркен чегара отрядынын "Кадамжай" чегара заставасына капитан Ыкышев Курманбек Согушбековичтин ысымы ыйгарылсын жана мындан ары ал "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Жети баатыр атындагы Айдаркен чегара отрядынын капитан Ыкышев Курманбек Согушбекович атындагы "Кадамжай" чегара заставасы" деп аталсын.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ф.Кулов |