КР Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 17-февралы № 104 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Чүй облусунун Токмок шаарынын мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдарын каржылоонун жањы ыкмаларына өткөрүү жөнүндө Билим берүү секторун каржылоо системасын андан ары өркүндөтүү жанамамлекеттик ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу мак-сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдарды ар бир жанга каржы-лоо" эки жылдык пилоттук долбоорун 2006-жылдын 1-январынан тартыпөткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы минист-рлиги жана Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясы менен макулдашылганКыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрли-гинин сунушуна макулдук берилсин. 2. Чүй облусунун Токмок шаарынын мамлекеттик жалпы билим берүүчүуюмдарын каржылоо жөнүндө тиркелген
Убактылуу жобо бекитилсин. 3. "Мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдарды ар бир жанга каржы-лоо" пилоттук долбоорун Чүй облусунун Токмок шаарында ишке ашыруу мез-гилинде төмөнкүлөр белгиленсин: - мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдардын бюджетин түзүү жанаучурдагы каржылоо Чүй облусунун Токмок шаарынын мамлекеттик жалпы билимберүүчү уюмдарын каржылоо жөнүндө убактылуу жобого ылайык жүргүзүлөтургандыгы; - мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдардын директорлоруна шаардыкбилим берүү бөлүмү жана Чүй облусунун Токмок шаарынын финансы башкарма-лыгы менен макулдашуу боюнча кызмат орундарынын тизмесин өз алдынчатүзүүгө жана бекитүүгө укук бериле тургандыгы. 4. Чүй облусунун Токмок шаарынын мамлекеттик жалпы билим берүүчүуюмдарынын уюштуруучулары юридикалык жактар катарында жалпы билимберүүчү уюмдарды мамлекеттик каттоо жана Казыналык системасында эсеп-терди ачуу боюнча чараларды көрүшсүн. 5. Чарбалык иштердин кыйла үнөмдүү ыкмаларын өздөштүрүүнүн жанатармактын сарптоо натыйжалуулугун жогорулатуучу башка иш-чаралардынэсебинен Чүй облусунун Токмок шаарындагы мамлекеттик жалпы билимберүүчү мекемелердин жана жалпы эле билим берүү системасынын дењгээлин-де үнөмдөлгөн каражаттар алып коюлууга тийиш эместиги жана жалпы билимберүүчү уюмдарды өнүктүрүүгө жумшала тургандыгы белгиленсин. 6. Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясы, Кыргыз РеспубликасынынБилим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргыз Республи-касынын Экономика жана финансы министрлиги ушул пилоттук долбоорду ишкеашырууга ар тараптан колдоо жана практикалык жардам көрсөтүшсүн. 7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясатыминистрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигименен бирдикте Чүй облусунун Токмок шаарында пилоттук долбоордуөткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча республиканын башка региондорунда каржылоо-нун жањы моделин колдонуу боюнча рекомендацияларды иштеп чыксын жанаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин. 8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-кармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов