Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 21-февралы № 114 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Ак-Суу жүгөрүнү кайра иштетүүчү кант комбинаты" АКнын акцияларын сатып алуу-сатуу келишимине кошумча макулдашуу түзүү жөнүндө "Ак-Суу жүгөрүнү кайра иштетүүчү кант комбинаты" акционердик коо-мунун өндүрүштүк кубаттуулуктарын колдонууга киргизүү боюнча иштердитездетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети: - "VIТА" акционердик коому менен 2004-жылдын 30-сентябрындагы №134 сатып алуу-сатуу келишимин бузууга карата "Ак-Суу жүгөрүнү кайраиштетүүчү кант комбинаты" акциррердик коомунун акцияларынын мамлекеттикпакетинин 88,1469 процентин сатуу боюнча инвестициялык тендердин жыйын-тыктарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктүбашкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин 2004-жылдын 9-сентябрындагы №46-кт коллегиянын токтомун жоюу тууралуу" 2006-жылдын 24-январындагы №3-кт коллегиясынын токтомун жойсун; - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги, Кыр-гыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай минист-рлиги жана "Ак-Суу жүгөрүнү кайра иштетүүчү кант комбинаты" акционердиккоому менен бирдикте "Ак-Суу жүгөрүнү кайра иштетүүчү кант комбинаты"акционердик коомунун акцияларын 2004-жылдын 30-сентябрындагы № 134 са-тып алуу-сатуу келишимине кошумча макулдашууну кыска мөөнөттө даярдасынжана түзсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги, Кыр-гыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Экономиканыөнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду "Ак-Суу жүгөрүнү кайра иштетүүчү канткомбинаты" акционердик коомунун "VIТА" инвестор-акционердик коому тара-бынан 2006-жылдын биринчи кварталынын ичинде мөөнөтүнөн мурда жоюлуугатийиш болгон карыздарынын суммасын белгиленген тартипте аныкташсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш-тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов