Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 21-февралы № 117 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Москва шаарында 2005-жылдын 25-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Жаштар менен иштөө тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуусун бекитүү тууралуу Москва шаарында 2005-жылдын 25-ноябрында кол коюлган Көз каранды-сыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Жаштар менеништөө тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуусунун 10-статьясында ка-ралган мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Рес-публикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасы-нын норматавдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мый-замдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Москва шаарында 2005-жылдын 25-ноябрында кол коюлган Көз каран-дысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Жаштар менеништөө тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуусу (мындан ары - Макул-дашуу) бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-касы көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекетичиндеги жол-жоболорду аткарганы тууралуу Көз карандысыз МамлекеттерШериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин. 3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясатыминистрлиги Макулдашууну аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө жыл сайын маалымат берип турсун (көчүрмөсүн Кыргыз Респуб-ликасынын Тышкы иштер министрлигине жиберсин). 4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 5. Бул токтомдум аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-кармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов